Социалдык иштер боюнча адис

Наргиза_01МАМЫТОВА Наргиза Асанкуловна

1987-жылдын 24-июнунда туулган.

2012-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

 

 

Эмгек жолу:

 

2012 – 2013       Кочкор райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысынын катчысы

2013 – 2014       Кочкор райондук социалдык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

2014 – 2016       Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси

2016-жылдан тарта   Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50256, (0707) 711124

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын саясий кызмат адамдарынын резервин жетекчилердин, аппарат жетекчисинин макулдугу менен түзүп чыгат жана алардын сапаттык курамын аныктайт. Номенклатурага кирген айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-ишкана жетекчилеринин өздүк делолорун топтойт. Ай сайын райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кызматкерлеринин жумушка келүүсү боюнча табель толтурат.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын кызматкерлерине тиешелүү ички буйруктарын даярдайт.

Райондук деңгээлдеги өткөрүлүүчү маданий-массалык иш чараларды уюштуруп, аны өткөрүүдө тиешелүү айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-ишкана жетекчилеринин толук катышуусуна контролдук кылат. Райондун айыл аймактарынын айылдык Кеңештеринин кошмо жыйналышын өткөрүүнү уюштуруп, протоколдойт.