Жалпы секторунун адиси

айзада_интер_04

СУЛАЙМАНОВА Айзада Тилебалдиевна

1979-жылдын 13-июнда туулган.

2000-жылы Балыкчы менеджмент жана укук институтун аяктаган.

Муниципалдык кызматтын I класстагы кеңешчиси

 

 

Эмгек жолу:

 

2002 – 2005                Кочкор районунун Соң-Көл айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси

2005 – 2006                Кочкор районунун Соң-Көл орто мектебинин мугалими

2006 – 2007                Кочкор районунун Соң-Көл айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

2007 – 2008                Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

2008 – 2012                Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин жетектөөчү, башкы адиси

2014-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50371, (0772) 389164

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысынын кеңешмесин, чогулуштарын өткөрүүдө жалпы уюштурууну, протоколдоштурууну камсыз кылуу менен заседаниеден кийин каралган маселелер боюнча материалдарды аткаруучуларга тапшырат жана кайра акимдин кароосуна сапаттуу даярдалып бүткөрүлүшүнө көзөмөлдүк кылат.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жогорку бийлик органдардан, республикалык жана райондук мекемелерден, айыл аймактарынан келип түшкөн бардык документ, иш кагаздарына каттоо (регистрация) жүргүзөт жана резолюцияга жараша  документ, иш-кагаздарды аткаруучу жооптуу кызматкерлерге,  айыл өкмөт башчыларына, мекеме-ишкана жетекчилерине жөнөтөт.

Жума сайын кириш, чыгыш документтери боюнча сапаттык жана сандык анализ жүргүзөт, журналга регистрацияланган документтердин аппарат кызматкерлеринде аткарылышын тактайт. Аппараттык кеңешмеге аткаруу мөөнөтү өткөн иш кагаздар боюнча маалымат даярдайт.

Буйрук, токтом, иш кагаздары жана арыз-даттануулар менен иштөө боюнча белгиленген формада айлык, кварталдык, жарым жылдык жана  жылдык отчет түзүп жогорку бийлик органдарына жөнөтөт. Администрациянын иш номенклатурасына ылайык тиешелүү делолорду уюштурат. Администрация башчынын, орун басарынын кабыл алуусуна келген жарандардын учетун алат.