Социалдык иштер боюнча жетектөөчү адис

ИСАКОВА Толгонай Токтогуловна

1985-жылдын 21-февралында туулган.

2007-жылы К. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин аяктаган.

 

 

Эмгек жолу:

 2010 – 2011                Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын катчысы

2011 – 2012                Кочкор райондук социалдык коргоо башкармалыгында башкы адис

2012-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50412, (0773) 231013

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Саламаттыкты сактоо, маданият, миграция жана жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт маселелери боюнча айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар жана башка мамлекеттик уюмдар, коомдук бирикмелер менен өз ара биргелешип аракеттенет. Бул багыттагы маселелер боюнча Улуттук жана өкмөттүк программаларды, Жарлыктарды, токтомдорду, буйруктарды ж.б. нормативдик актыларды жүзөгө ашырат, өздүк чечимдеринин, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Саламаттыкты сактоо, билим берүү органдары менен бирдикте баңгилик, аракечтик, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар, кароосуз жана коомдук жетимдик боюнча алдын алуучу иш-аракеттерди жүргүзөт. Жашы жетелек балдардын девианттык (чектен чыккан) жүрүм-турумдарын ондоого, жаш өспүрүмдөрдүн арасында суицид ботурбоого багытталган чараларды иштеп чыгат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, айыл аймагынын айыл өкмөттөрүнүн жашы жетелек баддардын укук бузууларын алдын алуу маселелери боюнча иштерин шайкештештирүү, өз ара катнашты жөнгө салууну камсыздайт.

Райондогу үй бүлөө, аялдар иштерин координациялайт. Райондо энелерди «Баатыр эне» сыйлыктарына көрсөтүүнү, көп балалуу энелерди орден, медалдарга көрсөтүү боюнча тийиштүү материалдарды даярдайт.