Уюштуруу иштери секторунун жетектөөчү адиси

 

СҮЙ ич

1979-жылдын 21-октябрында туулган.

2006-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

 

 

Эмгек жолу:

 1996 – 2006                Кочкор токой чарбасында токойчу

2006 – 2008                Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын жардамчысы

2008 – 2010                Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин жетектөөчү адиси

2010 – 2012                Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин башкы адиси

2013-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетектөөчү адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50228, (0778) 712706

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Инвестиция, грант, техникалык, гуманитардык жана башка жардам маселелери боюнча Эл аралык финансы, кайрымдуулук жана башка уюмдар менен натыйжалуу байланышты камсыз кылуу менен райондо соода, чакан жана орто бизнес, экология, туризм, ишкердүүлүк, сырттан түз инвестиция тартуу, кардарлардын укугун коргоо, микрокредиттөө, көркөм кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, ишкерлер Кеңеши менен иш алып барат. Бул багытта кабыл алынган тиешелүү укуктук-ченемдик актылардын жүзөгө ашыруу жагын көзөмөлдөйт.

Райондун аймагына инвестиция тартуу, туризмди өнүктүрүү багытында перспективалуу иш пландарды, маалымат-аналитикалык материалдарды жана сунуштарды иштеп чыгат, жетекчиликке маалыматтарды даярдайт. Кабыл алынган иш чаралардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Инвестиция тартуу,  туризмди жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча квартал сайын экономикалык анализ жүргүзүп, күтүлүүчү прогноздорду түзүп, администрация башчысына сунуш берет.

Чакан жана орто бизнести, туризмди өнүктүрүү боюнча райондун бардык мекемелери, айыл өкмөттөрү менен иш жүргүзүп жер-жерлерде туризм боюнча көрнөктөрдү, туризмди рекламалаган материалдарды илдирет. Сөң-Көл, Көл-Үкөк ж.б. ички жайлоолорго жайкы туризмди уюштуруу боюнча иш жүргүзөт. Сырттан келген турист-конокторго туристтик маршруттарды сунуш кылуу менен аларды жайгаштырууну колго алат. Райондогу кызмат көрсөтүү (базар, соода ж.б.) бирикмелеринин иштерин жетектейт.