Коргонуу жана укук тартиби боюнча башкы адис

МАМАДИЛОВ Жанышбек Мамадилович

1960-жылдын 12-мартында туулган.

1999-жылы КР ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын кенже инспектору.

 

Эмгек жолу:

 1980 – 1987                Кочкор районундагы Тендик совхоздун жумушчу

1987 – 1989                Нарын облустук ИИБ милиция кызматкери

1989 – 1991                Ысык-Көл облустук ИИБ милиция кызматкери

1991 – 2001                Нарын облустук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү

2001 – 2004                Ысык-Көл  облустук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү

2008-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50325, (0550) 152097

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Жетекчинин кол коюсуна берилген буйруктардын, нускоолордун, протоколдордун жана укуктук мүнөздөгү башка документтердин долбоорлорунун КР мыйзамдарына ылайыктыгын текшерет. Аталган документтер КР мыйзамдарына ылайык келбеген учурларда, маселени чечүүнүн мыйзамдуу тартиби жөнүндө сунуштарды иштеп чыгып жазуу түрүндө тыянакты жетекчиликке билдирет.

Коомдогу социалдык-саясий кырдаалды анализдөө жана алдын-ала болжолдоо, жаңжалдарга өз убагында таасир этүү, жаңжалдардын чыгышын жана алардын кесепетин алдын алуу, аларды жоюу жана стабилдештирүү боюнча иш чараларды иштеп чыгып аткарууга алат. Коомдук жана диний уюмдар менен тыгыз байланышта болуу менен экстремизм, ар кандай диний агымдарга (хизбуттахри ж.б.) каршы иштерди жүргүзүүдө укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барат. Райондогу укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программалардын жүзөгө ашырууда жүргүзүп жаткан иштерин көзөмөлдөйт. Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча айыл аймактарында уюштурулган коомдук алдын алуу борборлордун, альтернативалык кызматтагы коомдук уюмдардын, ыктыярдуу топтордун ж.б. ишмердүүлүгүн жеке көзөмөлүнө алат.

Укук тартибинин жалпы абалы жөнүндө, мыйзамдуулуктун сакталышы жана райондо кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндө маалыматтык жана болжолдуу аналитикалык материалдарды акимге даярдайт. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын талаптарын коргоо боюнча иш жүргүзөт жана бул багытта соттук отурумдарга администрациянын өкүлү катары катышат.

Райондук мамлекеттик администрациясына адам укугуна, талаш жер участоктору ж.б. көйгөйлүү маселелерге байланыштуу келип түшкөн арыз-даттанууларды мөөнөтү менен карап арыз ээлерине тийиштүү жоопторду берет.