Социалдык жана маданий тармагы боюнча башкы адис

КАСЫМАЛИЕВ Таалайбек Таштанкулович

1962-жылдын 7-февралында туулган.

1985-жылы Москва шаарындагы К. Тимирязев атындагы айыл чарба академиясын аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын кенже инспектору.

 

Эмгек жолу:

 1985 – 1987                Кочкор районундагы Жданов атындагы колхоздун селекционер-зоотехниги

1987 – 1991                «Кочкор» асыл тукум кой өстүрүү эксперименталдык заводунун зоотехниги

1991 – 1993                Кочкор айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары

1993 – 2002                Кочкор районундагы «SA» ишканасынын сорттоо цехинин начальниги

2002 – 2010                Кочкор районундагы «Чакмак-Дарыя» ЖКЧнун технолог-химиги

2010-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50412, (0770) 561151

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Билим берүү, кесиптик окуу жай, социалдык өнүгүү жана коргоо маселелери боюнча айыл өкмөттөрү, мекеме-ишканалар жана башка мамлекеттик уюмдар, коомдук бирикмелер менен өз ара биргелешип аракеттенет. Бул багытта жүргүзүлгөн мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен маданий-массалык иш-чараларды, жолугушууларды уюштуруп өткөрүп турууну колго алат. Кабыл алынган иш чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Улуттук программалардын аткарылышын координациялайт.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо органдары менен бирдикте СПИД, ЖЖБИ, бангилик, аракечтик, өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар, кароосуз жана коомдук жетимдик боюнча алдын алуучу иш-аракеттерди жүргүзөт. Райондук почта, социалдык фонд, социалдык өнүгүү тармактары боюнча Улуттук жана Өкмөттүк программаларды, Жарлыктарды, токтомдорду, буйруктарды ж.б. нормативдик актыларды жүзөгө ашырат, өздүк чечимдеринин, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Социалдык чөйрө боюнча райондун атуулдарынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кайрылууларын, каттарын жана арыз-даттанууларын карайт. Айыл аймактарындагы  үй-бүлөсүндө тарбиялоо үчүн дурус шарттары жок балдарды (абалы начар үй-булөлөрдөгү), жетим балдарды, ата-энесинен багуусуз калган балдарды аныктайт. Айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканалардын басма сөзгө жазууларын уюштурат.