Өнөр жай жана транспорт тармагы боюнча башкы адис

КАТАГАНОВ Маматкул Мукаевич

1981-жылдын 4-августунда туулган.

2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана курулуш университетин аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын кенже инспектору

 

Эмгек жолу:

 1999 – 2007                Кочкор райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунда айдоочу

2008 – 2009                Кочкор райондук паспорттук-визалык каттоо иштер бөлүмүнүн адиси

2009 – 2011                Дыйкан чарба мүчөсү

2011-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50418, (0770) 159411

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Райондогу өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика жана автожол мекеме-ишканаларынын күндөлүк жүргүзгөн иш аракеттерине анализ жүргүзүп, ишине тийиштүү жыйынтык чыгаруу менен жетекчиликке жазуу жүзүндө билдирип турат. Перспективалуу программаларды иштеп чыгат. Айылдарды таза суу менен камсыздоо, тарифтердин чогулушу, кредиттин кайтарымы боюнча ИСКАКБлардын иштерин координациялайт көзөмөлдүктү жүргүзөт жана бул тармакка инвестиция тартууну уюштурат. Өнөр жай, энергетика боюнча квартал сайын экономикалык анализ жүргүзүп, күтүлүүчү прогноздорду түзүп, жетекчиликке сунуш берет. Электр энергиясын пайдалануу, лимиттин сакталышы, дебитордук карыздарды өндүрүү боюнча иш алып барат.

Тиешелүү Улуттук жана өкмөттүк программаларды, Жарлыктарды, токтомдорду, буйруктарды ж.б. нормативдик актыларды жүзөгө ашырат, өздүк чечимдеринин, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Өнөр жай, энергетика тармактары боюнча райондун атуулдарынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кайрылууларын, каттарын жана даттанууларын карайт, жарандарды кабыл  алууну жүргүзөт.