Экономика жана финансы тармагы боюнча башкы адис

БАКИРОВ Сүйөркул Жумагулович

1951-жылдын 26-октябрында туулган.

1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын 3-класстагы инспектору.

 

Эмгек жолу:

 1973 – 1978                Тогуз-Торо райондук Ленин колхозунда экономист

1978 – 1982                Тогуз-Торо райкомпартиясында инструктор

1982 – 1987                Тогуз-Торо райондук Атай совхозунда парткомитеттин катчысы

1987 – 1993                Тогуз-Торо райондук профсоюз кызматкерлеринин төрагасы

1993 – 1997                Тогуз-Торо райондук экономика комитетинин төрагасы

1997 – 2000                Тогуз-Торо райондук финансы бөлүмүнүн башчысынын орун басары

2000 – 2002                Кочкор райондук Кум-Дөбө айыл өкмөтүндө адис

2002 – 2003                Кочкор районундук айыл чарба департаментинин адиси

2003-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси

 

Байланыш телефону (03535) 50780, (0554) 545158

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Кочкор районунун экономикалык өнүгүүсүнүн келечектүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат, жетекчиликке сунуштайт жана кабыл алынып бекитилгенден кийин, аткарылышын уюштурат жана көзөмөлгө алат. Райондогу экономика, финансы, салык, статистика, архитектура жана курулуш мекеме-ишканаларынын күндөлүк жүргүзгөн иш аракеттерине анализ жүргүзүп, ишинен тийиштүү жыйынтык чыгарып турат. Өнүгүү Стратегиясына кирген долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөйт, жыл сайын толуктайт.

Бирдиктүү экономикалык жана финансылык саясаттын жүргүзүлүшүн камсыз кылуу менен жетекчилик  үчүн райондук структуралык мекемелер, бөлүмдөр менен бирдикте экономикалык кырдаалды талдоо, экономика чөйрөсүндөгү окуялардын өнүгүшүн болжолдоо, маалымат-аналитикалык материалдарды, сунуштарды жана  перспективдүү программаларды иштеп чыгат. Экономиканы өнүктүрүү боюнча ай сайын экономикалык анализ жүргүзүп, күтүлүүчү прогноздорду түзүп, жетекчиликке сунуш берет.

Райондогу курулуш-оңдоо жумуштарынын өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү, турак-жай курулушунун аткарылышы боюнча иштерди, айылдардын генпландарынын пайдалануу мөөнөтүн жана ага өз убагында толуктоолорду киргизүүнү жана кайра жаныртууну көзөмөлдүккө алат.

Райондун калкын жана экономика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча райондук штабдын ишин координациялоо менен штабдын отурумун уюштурат жана кабыл алынган иш чаралар планынын аткарылышына жеке жооп берет.