РУХ & МУРАС

тест
1. КОЧКОР РАЙКОМУНУН БИРИНЧИ КАТЧЫЛАРЫ КИМДЕР БОЛГОН?

Кочкор району 1930-жылы уюшулган. Райкомдун 1- катчылары болуп 1933-34-жылдары Токин, 1934-1935-жылдары Эшимов, 1935-36-жылда Далбаев, 1937-жылы Алымов, 1938-жылы Иманалиев,1938-39-жылдары В.И. Полный,1939-40-жылдары Тыналиев, 1940-42 –жылдарда Т. Аламанов, 1942-45-жылдары Ө. Носинов, 1945-47-жылдары А.Аблабеков, 1947-49-жылдары Ж. Таласбаев,1949-51-жылдары Хамзабулин, 1952-53-жылдары Тыныбеков, 1954-56-жылдары Ж.Оторов, 1957-60-жылдары М. Султанов,1960-1962-жылдары М.Чыңгышбаев, 1962-64-жылдары Ж.Турсунов, 1964 -1966 -жылдары А.Сыргатаев, 1967 -1972- жылдары Кадыракун Базарбаев, 1972 – 1990-жылдары Корчубек Акназаров, 1990-91-жылдары Төлөбек Абдиев Кочкор Райкомпартиясынын биринчи катчылары болуп иштешкен. Кочкордун райкомунун эң алгачкы катчысы Абдылда Аилчинов болгон деген маалыматтар да бар. Ошондой эле 1933-жылы Кочкор райкомунун биринчи секретары Орозбаев деген болгону тууралуу да айтымдар бар. Токин казак,Ж.Турсунов уйгур, А.П.Польный орус,Ө.Носинов, М.Султанов Сарт калмак улутунан болушкан.
Чолпон Райкомун кимдер жетектеген?
1945- 1956-жылдарда Чолпон өзүнчө район болуп турган. Ошол кездеги Чолпон Райкомунун 1-катчысы болуп, 1945-47-жылдары А. Курманбаев, 1947-49-жылдары Сыдыгаалы Айтбаев, 1949- 50-жылдары М.Кулубеков, 1950-53-жылдары У.Эшалиев, 1953-54-жылдары К.Саралаев, 1954-55-жылдары А. Чотбаев, 1955-1956-жылдары Д. Бегматов Райкомдун жетекчиси болуп иштеген. 1956-жылы Чолпон району жоюлуп Кочкор районуна кошулган.
Майрамбек ДЕРКЕНБАВ.

————————————————————————————–
2.Кочкор кыштагы Кыргызстандын борбору болгон

Тарыхка назар салсак 820-жылы Кыргыздарда Улуу Кыргыз каганатыгы орноп, ал 80 жыл өмүр сүрдү. Ал Улуу Дөөлөт 10-кылымдын биринчи чейрегинде тынчтык жолу менен эле жоюлган. Бирок кыргыз эли андан кийинки канчалаган согуштарга, чабылып –чачылганына карабай өзүнүн мамлекеттүүлүгүн сактап кала берген. 1293-жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн акыркы жылдары болгон. Андан кийин канча аракеттерди кылса да кыргыз элинин мамлекеттүүлүккө умтулган тилеги ишке ашкан эмес. Байыркы мезгилде кыргыздар менен бирге аренага чыккан сактар, усундар, карлуктар, түргөштөр мамлекеттүүлүккө жетише албай жок болуп кетти. Бирок кыргыздын баатыр уулдары, эл башчылары Алымбек датка, Ормон хан, Тайлак баатыр, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана башкалар кыргыз мамлекеттин орнотууга көп күч жумшашты…
Улуу Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Орто Азия элдери (анын ичинде кыргыздар) Түркстан автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы аталып, Россиянын курамына кирет, 1919-жылы Түрк комиссия түзүлүп, Түркстандагы бардык иштерди башкарган. Бул комиссияны Ш.З.Элиева жетектеп, М.В.Фрунзе, Я.Э.Рудзутак, Г.И.Бокий, Ф.Н.Глошекин сыяктуу адамдардан туруп жергиликтүү калктардан мүчө болгон эмес. 1920-жылы Кыргыз Автономиялуу Республикасы түзүлдү. Россиялыктар казактарды ал кезде кыргыз дегендиктен, кыргыз- казактарды бириктирип автономиялуу республикага айландырган. Бирок бул казактар үчүн жакшы болгон менен кыргыздар үчүн коркунуч жараткан. Түндүк кыргыздар чек арасы боюнча Казактарга, Түштүктөгүлөр Түркстан АССРинин курамында калат. Негизинен Түркстан АССРинин курамында турган кыргыздар бул республиканын Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана, Самарканд облустарынын курамында болуп чачкын жайгашкан. Алсак, Чүй, Ысык-Көл кыргыздары Жети-Суу облусунда, Таластыктар Сыр-Дарыя, Баткен аймагы Самарканд, Ош, Жалал-Абад жактагы кыргыздар Фергана облусуна баш ийген, көпчүлүк убакта кыргыз калкынын кызыкчылыктары эске алынбай, майдаланып, жоголуп кетүү коркунучу турган эле. 1921-жылдан баштап эле кыргыздын алдыңкы адамдары өз алдынча автономия алууну эңсеп демилге көтөрө баштаган. Алматыда болгон кеңешмеде биринчи жолу Түркстан АССРинин курамында Тоолу Кыргыз областын түзүү маселеси көтөрүлөт. Анткен менен бул маселе чечилбей, Казак АССРине Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областары берилмек болот. Кыргыздар мурда бир автономиялуу республиканын курамында болсо, эми эки автономиялуу республикага бөлүнүп кала турган болот. 1922-жылы мартта Кыргыздын баш көтөргөн жигиттери Жети-Суу областтык советинин аткаруу комитетинин председатели Абдыкерим Сыдыков, Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатынын мүчөсү Ишеналы Арабаев, партиянын Семирьече обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жусуп Абдрахманов кыргыздар жашаган жерлерди бөлүп алып, Тоолуу Кыргыз облусун түзөбүз деген маселе көтөрүшөт. 1922-жылы 23-март Түркстан компартиясына Борбордук комитетинин катчылыгы Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим чыгарат. 26-мартта болсо ТҮРК БАКтын кичи президиуму курамында Кара-Кол, Пишкек, Нарын уездери, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирген Тоолуу Кыргыз областын түзүү жөнүндө чечим кабыл алат. Облустун борбору кылып Кочкор кыштагын бекитишет. Ошентип азыркы Чүй, Талас,Ысык-Көл, Нарын аймактары кирген Тоолу кыргыз автономиялуу облусу түзүлөт.Бул облуска Кыргызстандын түштүгүн киргизбеген себеби аймактагы басмачылар менен согуш аяктагандан кийин жиктелет дешкен. Казактар бул ишке каршы чыгып, «Казак, кыргыз бир улут. Экөөнү ажыратыш бир улутту жасалма жол менен эки улутка бөлүп койгонго барабар»-дешет. Алар Ысык-Көл сыяктуу кооз жерлерден ажырагысы келген эмес. Бир жарым айдан кийин кээ бир кыргыз жетекчилери өздөрү Тоолу Кыргыз обласын түзүү чечимине каршы чыга баштады (Бүткүл союздук аткаруу комитетинин ыйгарымына кирген маселени Түрк БАК чечип койгон). Кыргызстандын жетекчилеринин ичинде Рахманкул Кудайкулов башында турган топ казактардан бөлүнүүгө каршы чыгып, «Тоолуу Кыргыз обласын түзүү долбоорунун өзү улутчулдук, анын артында бай манаптык элементтер турат»-деп чыкты. Аны Ташкенттеги жана Алматыдагы казак улутундагы жетекчилер колдоп чыгышкан. Кыргыздардын кээ биринин бөлүнбөйбүз деп чыккандар көбүнчө Түркстан аткаруу комитети тарапта жүрүп, чоңдорду колго алып , бийликке келгендер болгон. Эгер бөлүнсө кызматыбыздан ажырайбыз деп чочушкан. Эки топтун ортосунда катуу күрөш жүрдү. Бул күрөшкө Кочкорлуктардан да катышкан. Алсак Кош-Дөбө аймагынан Кыробкомдун бөлүм башчысы Баатыркан Мээрканов ( кийин 1930-31-жылдары ВКП (б) БК нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы), Семиз-Бел волкомунун Кара-Күңгөйүнөн алгачкы большевик, Казак-Кыргыз аскер комиссарынын орун басары, революционер Ыйманбай Орозалиев ( В.И. Лениндин таанышы болгон), Жоон-Арык болуштугунан РКП ( б ) Кара-Кол уездик комитетинин төрагасы Баялы Исакеевдер да активдүү катышкан. Партиянын Жети-Суу обкому 1922-жылдын 4-июнунда Пишпекте Тоолу Кыргыз облусунун уюштуруу сьездин чакырды. Ага 425 делегат катышты. Съезди дунган улутунан Жандосов, Масанчиндер колдоого алышкан. Ташкенттен келген жетекчилер бул уюштуруу сьездин, “даярдоо сьезди” деп атап, уюштуруу сьездин болсо күзгө белгилешет.Бул жолу да “Тоолу облус Казак АССРине киреби же РСФСР габы?” деген талаш-тартыш менен бир чечимге келе алышпай тарашты. Кошчу облустук бирикмесинен теги боюнча казактын абла уруусунан чыгып кийин кыргыздашып кеткен теги кедей Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөкан Бабаханов жана кээ бир түштүк Кыргызстандагы уездердин жумушчулар тобу Казакстандын ичиндеги автономияга ыкташты. 7-8 күндөн кийин Сталинден “Пишпек деген шаарда өткөн съезге ким уруксаат берип, эмне маселе каралганын, делегаттардын курамы кимдер экени” суралып кат келген. Сталиндин телеграммасынан соң Түркстандык, Жети-Суулук бийлик съезди чакырбай калышат. 1922-жылы сентябрда В.И.Ленин «Мамлекети жок улуттардын баарына автономия берилсин»-деген чечим чыгарат. Муну укканда Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Ыбырай Тойчунов, Жайнак Саадаев жана башкалар Бүткүл союздук аткаруу комитетине, Эл комиссарлар советине, РКП(б) БКга кат жолдошот. Катка “Казактардан, өзбек, тажиктерден башка да Кара Кыргыз деген облус бар. Кара Кыргыздардын белгисиздиги саясий, чарбалык, маданий курулуш иштерин артка тартууда, кара кыргыздарды өз алдынча улут деп таанууну талап кылабыз” деген пикирди жазышат. Бул жолу катка автономиялуу облус түзүү тууралуу сөз кылышпайт. Эгерде өз алдынча улут катары тааныса, токтомго ылайык автономия берилет –деген ойдо болушкан.
РКП(б)нын Борбордук комитети 1922-жылы декабрда Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча мурда кабыл алынган бардык документтерди мыйзамсыз деп таап, анын уюштуруучуларын улутчулдар, контр революциенерлер деп күнөөлөштү. Ошентип, борбору Кочкор кыштагы аталган Тоолуу Кыргыз облусу 72 күн гана өмүр сүрдү. Эгерде
абла уруусунан чыккан кең пейил Рахманкул Кудайкуловдун, Токмок шаардык аткаруу комитетинин катчысы Дүйшөнаалы Бабахановдун солчулдар тобу, экинчиден манап тегиндеги Абдыкерим Сыдыков баштаган оңчулдардын топтук күрөшү болбогондо, балким азыр Кыргыз Республикасынын борбору КОЧКОР кыштагы ( шаары) болуп турмак. Бул адамдардын кармашы кыргыздын мамлекеттүүлүк ыктымалдуулугун дээрлик эки жылга кечеңдетти десем жаңылышпайм.
Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
Кыргыз Республикасынын Журналисттер Союзунун мүчөсү.

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3.Баялы Исакеевдин кайнатасы Акмолдо бий
Менин колума Семирченский областынын аскер губернаторунун 23-ноябрь 1915-жылы Верный шаарында чыгарган Приказынын көчүрмөсү тийди. Бул тарыхый маалыматты Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин биринчи орун басары Нурлан Эшмукамбет уулу берди. Анда Пржевальск уездине үч жылдык мөөнөткө 1916-1918-жылдарга волосттук управитель болуп Айдар Көбөгөнов, кандидаттыкка Илепесь Итаяков, элдик сотко, бийдин ордуна №1-айылга Йоранку Таныстамов, кандидаттыка Тилекмат Жийдебаев, №2-айылга бий болуп Акмолдо Карасаев, кандидаты болуп Мансур Чолпонбаев, №3 айылга Сары Жантаев, кандидатына Матабек Атаманов, №4 айылга Орозалы Токоманов, кандидат Байбосун Сарин №5 айылга Абдраван Кулболотов анын кандидаты Токтосун Капсаламов, № 6 айылга Абдылда Солтонкулов, кандидаты Жунус Мамажанов (№7 айылдан баштап бий кандидаттары жасылган барак жок) дайындалганы айтылат. Аталган архивдик маалыматта жогорудагы бийлердин ичинен Акмолдо Карасаев 1908–жылы 44 жашында, 1912-жылы 50 жашында Жоон-Арык болуштугунун экинчи айылына судья болуп шайланганы 26 шайлоочу колдогону тууралуу айтылат.
Айта кетсек ХIХ кылымга чейин Кыргыз элинде бий, казылар соттун милдеттерин алып барышып, көчмөн кыргыз жана башка улуттардын ортолорунда чыккан талаш-тартыштарды үрп-адат, каада- салт жана шарият укуктарынын негиздери менен чечишкен. Бул тартип кыргыз элинде Россия падышачылыгынын курамына киргенге чейин колдонулган.
Падышалык Россиянын учурунда Кыргызстандын аймагы Туркестан генерал-губернаторлугунун областарына бөлүнгөн. Түндүк Кыргызстан – Семиреченск облусунун (Пишпек, Пржевальск аймактарына – уездерине); Талас өрөөнү – Сыр-Дарыя облусунун (Аулие-Ата аймагы); ал эми түштүк Кыргызстан – Фергана менен Самаркан облустарынан (Андижан, Ош, Наманган, Ходжен аймактары жана Памир району) курамына кирген. Россия Империясынын 1886-жылы кабыл алынган «Түркестан жергесин башкаруу жөнүндөгү» жобосуна ылайык Туркестандын жергиликтүү элдеринин соттук тутуму белгиленген, анын негизинде бир-нече атайын жана жалпы падышалык соттору түзүлгөн. Аларга аскердик соттук комиссия, соттук административдик органдар, округдук соттор, соттук бөлүмдөр, областтык башкаруу, аймактык жана мировой соттору кирген. Кыргызстандын аймагында Скобелев менен Верный шаарларындагы округдук соттор тейлеген.
Жобого ылайык судьялар генерал-губернатор тарабынан үч жылга элдин тандоосу менен дайындалган. Ар бир судьянын кызматына эки талапкер тандалган, бирок талапкерди судьялык кызматка бекитүү укугуна губернатор гана ээ болуп, жаңы шайлоолорду дайындаган. Судья ооруп же каза болгон учурда анын милдетин губернатордун макулдугу менен судьялык талапкер аткарган.
Соттордун тутумун судьялар (бийлер, казылар); судьялардын курултайы;
судьялардын чукул курултайы түзгөн.
Бий менен казылар институту падышалык соттордун катарында сакталып калган. Бул учурда бийлер жана казылар кылмыш жана жарандык иштерди карашкан, бирок алардын милдетинен мамлекеттик маанидеги, мамлекеттик кызматка тиешелүү өзгөчө коркунучтуу жана башка талаштар, ошондой эле орус улутуна тийиштүү – орус айылында жашагандардын иштерин кароо ыйгарым укугу алынып салынган.
Жарандык талаштар, кыргыз жана башка улуттардын ортосундагы доо арыздар, мындан бөлөк, орус бийлигинин катышуусу менен кабыл алынган. Бий менен
казылар кызматтык милдеттерин аткарууда тагынуучу өзгөчө белгилер, кызматтык мөөр, чечимдер катталуучу китептер менен камсыз болушкан.
Сарбагыштын Надырбек уулундагы белгилүү манап Зарпбек уулу Карасай Акмолдо, Иманаалы, Өмүраалы, Курманаалы деген төрт уулдуу болот. Уулдарын жергиликтүү молдодон окутуп кат сабатын жойдурган. Акмолдо жашынан калыс болуп чоңоюп, ар кандай чыр чатактарды чечүүгө катышып жүрөт. Абыке уулунда бий шайлоо өтүп, Жаркынбайдын уулун бийдин кызмат ордуна шайлашат. Ошондо генерал-губернатордун өкүлү Жаркынбайдын уулун жактырбай, «башка талапкер тапкыла» -деп бекитпей коёт. Жаңы шайлоо дайындап Акмолдонунун талапкерлиги жактырылып шайлоодо жеңишке жетишет. Ошондон баштап жети жолу удаасы менен бий кызматына шайланган. Анын үйүнө досу Исаке уулу Дыйканбай көп келээр эле. Келгенде уулу Баялыны өңөрө келип, эрмектешип олтурушчу. Алар бир туугандан артык катышып келечектүү кылуу максатында Дыйканбайдын үч жашар уулу Баялы менен Акмолдонун бир жаштагы Калыя аттуу кызын чыбык кыркып бел куда болушат.1900-жылдары Дыйканбай катуу оорудан кайтыш болуп, Баялы чоң атасы Исакенин колунда калат. Аймакта кадыр-баркы зор, нускалуу аяш атасы Акмолдо Исакенин үй –бүлөсүнө арка-жөлөк болуп, аяш уулу Баялыга өзүнүн нускалуу сөздөрүн көп айтаар эле. Аяш уулу Баялынын идирегин байкаган Акмолдо бий 1913-жылы Нарындагы орус-тузем мектебине өткөрөт. Бул мектеп 1900-жылы жергиликтүү болуштуктардын каражаты менен ачылган. Ошентип орус-тузем мектебинен билим алуу менен Баялы Исакеевдин кийинки ишмердигине жол ачылган. Азыр Исакеев айылында «Акмолдонун учу», «Маадабайдын учу», «Өскөнбайдын учу» деген жерлер бар. Маадабай менен Өскөнбай Акмолдонун жигиттери болгон. Алар дайым жанаша кошуна туруп, ар кандай кырдаалдарда чогуу жүрүшкөн.
1916-жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай IIнин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу жергиликтүү бий-болуштарга түшүндүрүлөт. Орусия империясынын мурдагы коргоо министри, генерал-губернатор А.Н.Куропаткиндин аскердик-тылдык кара жумушка Түркстандагы дыйкан калктарга караганда, көчмөн элдердин адамдары көбүрөөк пайызда чакырылсын деген чечими казактар менен кыргыздардын куралдуу көтөрүлүшкө чыгуусуна жол берди. Акмолдо бий «Орустун куралы күчтүү, сураганын берели» деп аскерге тизме тиздирип, элди тынчтанууга чакырат. Бирок эл –«Акмолдо бизди оруска кармап бергени жатат» деп, нааразычылык күч алганда, “эмне болсо да эл менен болоюн” деп, көтөрүлүшчүлөрдү жетектөөгө аргасыз болгон.
9-август күнү Кочкор өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы Семиз –Бел( Кара-Күңгөй, Агөлөң, Оттук, Карашаар айылдары кирген), Жоон-Арык, Борукчу, Ниязбек болуштуктарындагы эл орустардын Столыпино( Кочкор) кыштагына чабуул коюшкан. Алардын башында Ниязбек болушунан Ормон хандын небереси Жапай Көкташ уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Борукчу болуштугунан Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын Базаркул деген баласынын тукумунан чыккан Рүстөм Садыров, манап Турдубай Жангелди уулу, Көчкөмбай Тагаев жана Жоон-Арык болуштугунан Надырбек уругунун манаптары, бир туугандар Көбөгөн, Дөөткул Шыгаевдер, Надырбек уругунун Абыке уулунан чыккан Акмолдо Карасаев, Семиз-Бел болуштугунун болушу, Арык тукумунан Сагын Ниязбеков жана башкалар турган.
Алардын арасында карапайым кедей үй-бүлөдөн Самак Төрөгелди уулу дагы жетекчилик иштерге катышкан. (7.-269- 275-б.; 5.-84-б.). Кыргыздар айылды 9 нан-12-авгуска чейин курчап, урушта 100 жакын кыргыз өлүп, орустардан бир унтер-офицер, отуздан ашык казак-орус курман болушкан. Нарын участогунун начальниги Хохалев жана тилмечи Эсенаман уулу Кылжыр 30 солдат менен Кара-Коого келе жатканын көргөн Черикчи уруусунун жигиттери астынан тосуп чыгат. Чукул келгенде черикчилер чабуул койду. Солдаттар аткылаганда качырып келаткандардан экөө өлүп токтолуп калышат. Хохалев Столыпинага кирип, ал жакта жашаган орустарды кошуп Үчүке элин каптады. Аңгыча Сагын болуш Ниязбек уулу 80-90 жигитти менен, көчүп кеткен байдын коргонуна аскерден мурда жетип, бакка жашынып аткылашат. Сагын болушта орустардан колго түшүргөн 20-30 орус мылтыгы бар экен( Бул тууралуу Белек Солтоноев Кызыл кыргыз тарыхы китебинде эскерген). Кыргыздардын огунан эки –үч солдат аттан жыгылып, калганы кайта Кара-Коого кире качышат. Артынан Дөөткул Шыгаев, Сагын болуш, Акмолдо бий,Тезекбай Түлкү уулу баштаган Арык тукуму ,Үчүке эли, Надырбек сарбагышы кошулуп миң чамалуу кол каптады. Хохалев аскери менен бир коргонго жашынып пулёмот менен аткылашат. Үч күндүк кандуу кармаштан кийин падышалык оторчул бийликтин Нарын участогунун начальниги Хохалев аскердик топ менен селодон орус тургундарын алып качып, көтөрүлүшчүлөр 11-августта Столыпина селосун талкалашкан. Эртеси 12-августа Кочкордун күн чыгыш аймагындагы Ниязбек, Борукчу жана Жоон-Арык үч болуштуктун Эсенгул эли Ормон хандын бир тууган иниси Түлкүнүн уулу Тезекбай манапты хан шайлашкан (7.-269-273). Жетекчиликти колуна алган Тезекбай түтүнгө бирден кишини аскердикке жыйнай баштаганда орустардын жазалоочу аскер оряддары Кочкорго жакындап калды деген имиштердин тарашы менен ал иш аягына чыкпай калган.
Эл бүлүнүп качып, Беделди ашып Үч-Турпанга барышты. Турпанда эл ачкадан кыйналып турганда «Кыздын жаманы –кыр ашырат» деп кызы Калыяны уйгур байы Сейдимбайга берет. Ошону менен Сейдимбай бүт Абыке уулуна каралашып, баарына кызмат таап берип, жандарын багып жакшы жашашат. Калыя Сейдимбайдан бир уул төрөйт. Безгек оорусуна чалдыккан Калыя ажырашып ата-энеси менен Кочкорго келет. Ал жактан кичине кезинде сөйкө салган Баялы Исакеевге турмушка чыккан. 1924-жылдары Баялы Исакеев Казак АССРинин Лепси уезддик партия комтетинин үгүт –насыят бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп турганда, Калыя учук оорусуна чалдыгат. Ал учурда бул дартты айыктырууга медицинанын күчү жетте элек болчу. Баялы Жети-Суу уезддик катчысына –«Аялым Калыяга бул жердин абасы жакпай ооруга чалдыкты. Ушул себептүү мени Пишпекке которуп коюуңузду өтүнөм» деп кат жолдойт. Баялыны кичинесинен билген, анын келечегине ишенген насилдүү, адамкерчиликтүү Акмолдо: -«Уулум, силердин кыйын абалга туш болгонуңарды көрүп турам. Алдыда эл керегине жарачу иштериң көп. Калыя болсо сенин иштериңе жардамын тийгизе албайт» -деп мыйзамдуу жол менен ажыраштырып алып кетет. Баялы кийин Абай Кунанбаевдин чөбөрөсү Муслима Байгалы кызына үйлөнүп, партиялык түйшүктүү иштерин улантат. Акмолдо кызын дарылатып Акмолдоева Калыя Элкомдо ( Аялдар советинде), кийинчерээк Кочкор райкомунда, кайсы бир фабриканын жетекчиси болуп иштеген.1955-56-жылдары Акмолдоева Калый Кашгарга баласына барып келген. Кийин Кытай менен Советтер Союзунун мамилеси бузулганга байланыштуу алардын байланышы үзүлгөн. Аккан арыктан суу агат дегендей Акмолдонун тукумдары ар кандай кызматтарда иштеп келе жатышат.
Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
—————————————————————————————————————————————————–
«Эркин Тоонун» редактору Баатыркан Мээрканов
Кыргыз элинин тунгуч гезити болгон «ЭркинТоонун» алгачкы № 1 саны 1924-жылдын 7-ноябрында, жума күнү Ташкент шаарында миң нускада басылып чыгат. Маалыматтарга караганда Эркин Тоонун алгачкы санынын болжолдуу макеттик-тематикалык түзүлүшү төмөнкүчө болуптур. 1-бетте: «Кыргыз калкынын кедей-кембегал батырак кызыл азаматарына»( макала), «Улуу октябрь күнү» ( саясий тема), 2-бетте: «ЭркинТоо» (кыргыз калкы жөнүндө кыскача маалымат). «Ленин жолунда» (макала), «Кыргыздардын кошчу уюму». 3-бетте: « ЭркинТоо» автономия кыргыз облусу ( мында кыргыздын өзүнчө автономиялуу область болгондугу жөнүндө маалымат берилген), «Өктөбрдүн келген кези» 10 куплет ыр. Автору Аалы Токомбаев, 4-бетте: « Эл хам сарамжалы» (мында кыргыз эли,анын кен байлыгы, жердин экономикалык жагы жөнүндө баяндалат), «Чарба салуу деген эмне?» «Ленин хам дыйкандары», «Орто Азияда улут мамлекеттеринин курулушу»… Мына ушул макалалардын ичинен гезиттин 2-бетиндеги «Эркин Тоо» аттуу көлөмдүү макала Ишеналы Арабаевдин калеминен жаралган. Басса айта кетмекчи гезитке «Эркин Тоо» деген атты да ушу Ишеналы Арабаев сунуш кылганы айтылып жүрөт. Ал бул атты Кыргыз элин өз алдынча мамлекет кылуу үчүн күрөшүп жүргөндүгүнө байланыштуу койсо керек. Алгач жооптуу редактор Осмонкул Алиев, жоопту катчы Сыдык Карачав болсо кийинчерээк Шарип Көкөнов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баатыркан Мээрканов, Кайбылда Ибрагимов сыяктуу инсандар 1924-1926-жылдары редакторлук кылышкан. Булардын ичинен О.Алиев, К. Ибрагимов, Ш.Көкөнов, бир нече жолу редакторлук кылышкан экен.
Изображениематы 1045. Бул жылдардагы редакторлордун арасынан Баатыркан Мээрканов 1926-жылы 26-майдан 10- июнга чейин кыска убакытка редакторлук кылган. Мындай маалыматты журналист Кушубак Өмүралиев 1994-жылы « Акбата» гезитинин сентябрь айындагы санындагы « Эркин Тоо» гезитинин редакторлорунун тизмесинде келтирген… 1988-жылы мен Кочкор кыштагында жашаган, согуштун жана эмгектин ардагери Бозгунчу Оторбаев менен маектешип калдым. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, Бозгунчу аксакал: – «Арык тукумунун ичинде Саркалдак уругунан Баатыркан Мээрканов деген тың жигит бар эле. Кыргыздын жетекчиси Жусуп Абдырахманов менен тең тайлашып жүрдү. Бетке айткан, абдан чечен жигит эле. Жыйындарда көрүп калаар элем, сүйлөгөндө үнү шаңшып, такалбай сүйлөп, элдин көңүлүн өзүнө буруп турчу. Кийин Ташкент шаарында, Орто Азия бюросунун жооптуу катчысы болуп иштеп турганда, өз аялы аралашып, киши колдуу болуп өлдү. Кыргызды жетектеп кетчү жигит деп замандаштары айтаар эле. Өмүрү кыска болду…»-деп айтканы эсимде. Оторбаев Бозгунчу аксакал Совет өкмөтү алгач түзүлгөндө комсомолдук ячейкада иштеп, алгачкы Селсоветтерден болгон, кийин заправкада иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан, куйма кулак адам болгон. Мен жаштык кылып, ал кишиден Баатыркан Мээрканов тууралуу кененирээк сурап калбаганыма өкүнөм.
Кийинчерээк мен бул адамдын өмүр жолуна кызыгып өз алдымча изилдеп маалыматтарды чогулта баштадым.
Ысымы коомчулукка анча белгисиз Баатыркан Мээрканов деген ким? Адегенде анын таржымалын сүрүүдөн баштасак. Азыркы учурда Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында болжол менен 1878-1882-жылдары Көлдън Аксуу, Маман деген жеринен ооп келген «Арык тукуму» деген уруу жашайт. Кылжырдын Орозбактысынын беш мырзасыны улусу Арык мырзадан тараган бул уруу айыл калкынын 75 пайызын түзөт. Арык тукумунун ичинде «Саркалдак» деген урук бар. Ошол Саркалдактын улуу аялынан Татыгул, Үмөткул, токолунан Акбай, Бекбай, Мамат, Эшбала деген уулдары болуп, булардын ар бири өзүнчө урук болуп, ал уруктар Кочкордо, Тоңдо, Аксууда, Кара-Колдо жашап жатышат.Татыгул да атасы Саркалдак сыяктуу эки аял алып,1-аялынан Жаныш, Жунуш, Бекболот, Карач, 2- аялынан Бекбоо, Бектоо деген уулдуу болот.( Булардын тукумдары ушул ат менен аталышып бир нече түтүнгө жетишти). Жунуштан Алмерек, Жанкороз, Жайылкан үч уул. Алмеректин Алышпай деген уулунан тарагандар « Алышпай уулу» аталып Маманда турушат. Жанкороздон Быйтыкан, Мээркан, Шүкүркан, Байгазы, Жангазы. Быйтыкандын Омор, Осмон, Окен совет өкмөтү түзүлгөндө ак кызмат кылып, репрецияга кабылышкан. Омор- комсомол ячейкасында жетекчи болуп, бай манаптарды кулака тартып, кийин соода тармагынын башкармасы болгон. Осмон да алгачкы ячейкаларда, колхоздо башкарма болгону айтылат. Мээркандан Баатыркан, Сулайман. Сулайман Мээрканов белгилүү комузчу катары кыргызга таанымал инсан. Учурда Баатыркан Мээркановдун туугандары Кочкордун Кара-Күңгөйүндө, Көлдүн Аксуусунда жашап турушат.
Баатыркан кичинесинен тың бала болуп чоңоёт. Ал болжол менен 1903-1904-жылдары төрөлүп, Сазановкадагы (Байсоорунда) орус-тузем мектебинде окуп орус тилин такалбай шар сүйлөгөнгө жетишет.Ал жерде Касым Тыныстанов, Жусуп Абдырахманов, Кожокан Шооруков сыяктуу белгилүү инсандар менен бирге окуган. Кыргыз жазуучусу Эрнис Турсунов Жусуп Абдрахманов жөнүндөгү эмгектеринин биринде 1911-жылы Ж. Абдрахманов бул мектепке окууга барганда, орусча шар сүйлөгөн Баатыркан Мээрканов деген, шыпылдаган тың бала бар экенин эскерет. 1916 –жылкы Улуттук боштондук үчүн болгон күрөштө Пржевальск уездинин начальниги Иннокентий Иванов Кыргыз жеринен Россияга качып, Кызыл-Ордого келип чек арадан өтүп кетет. Казармада жоокерлер өздөрү менен бирге Жусуп Абдырахманов, Баатыркан Мээрканов, Кожокан Шооруковду ала кетип, Жусуп Казакстанга, Баатыркан Ташкенге кеткендерге туш келет. Бул жигиттер 1917-жылдарда кайтып келип, Совет өкмөтүнүн түзүлүшүнө салымдарын кошуп, жетекчи кызматтарда иштей башташат. Жазма булактарда Баатыркан « Мейирханов», «Мейерханов» деп жазылып калган.
1920-жылы Кыргыз, казактарды жерин ажыратпастан Кыргыз автономиялуу Республикасы түзүлөт. Ага Кыргызстандын түндүгү баш ийип, түштүгү Түркстан АССР инин курамында калат. 1921-жылдары Жети-Суу областык советинин аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкерим Сыдыков, Түркстан АССРинин эл агартуу комиссариатынын мүчөсү Ишеналы Арабаев, Түркстан Компартиясынын Алма-Ата уездик-калаалык калаалык комитетинин жоопту катчысы, Партиянын Жети-Суу обкомунун мүчөсү Жусуп Абдырахманов баштаган топ Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин көтөрүп башташкан.. Көптөгөн аракеттер менен 1922-жылы 23-мартта Түркстан Компартиясынын борбордук комитетинин катчылыгы Түркстан Республикасынын курамында Тоолуу Кыргыз обласын түзүү чечимин кабыл алды. Курамында Кара-Кол, Пишпек, Нарын уездери, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгү кирип борбору Кочкор болгон Тоолуу Кыргыз облусун түзүү боюнча Түрк БАК 26-мартта чечим кабыл алды. Бирок, бул ишке абла уруусунан чыккан Рахманкул Кудайкулов өзүнүн тобу менен бирге каршы чыккан.Ал баштаган топ «Тоолу Кыргыз обласын түзүү улутчулдук, анын артында бай-манаптык элементтер турат, казак-кыргыз бир эл аны бөлүүгө болбойт» -деп чыккан. Бул топтун кийлигишүүсү менен РКП (б) нын Борбордук комитети 1922-жылы декабрда Тоолу Кыргыз обласын түзүү боюнча мурдагы чечимдерди мыйзамсыз деп таап, алардын жетекчилерин улутчулдар деп күнөөлгөн. Ошентип, борбору Кочкор кыштагы аталган Тоолу Кыргыз облусу (Ала-Тоо кыргыз облусу) 72 кън гана өмүр сүрдү. Кармаш кайра уланып Кыргыздар автономия болуу үчүн күрөшө баштады. Кыргыз автономиясынын жактагандардын арасында Баатыркан Мээрканов да болгон.1924-жылы саясий бюро Кара Кыргыздар Кыргыз АССРинин (казак) курамына облус болуп кошулсун деген чечим чыгарат. Буга казак тарап кубанган менен Ташкент жетекчилери каршы чыкты. Кыргыз жетекчилери дагы экиге бөлүндү. Биринчи тарапта Кара- Кыргыз Автономиялуу облусунун Орто Азиядагы туруктуу өкүлү теги кедей Рахманкул Кудайкулов, Дүйшөкан Бабаханов сыяктуу Кыргызстандын партиялык-советтик кызматкерлеринин белгилүү адамдары болуп, Казактардын ичинде автономия болууну жакташты. Экинчи топто РСФСРдын курамында болууну эңсеген Түркстан Мамлекеттик соодасынын соода бөлүмүнүн башкаруучусу теги манап Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Кыробкомдун бөлүм башчысы Баатыркан Мээрканов, айыл чарба бөлүмүнүн башчысы Эркимбек Эсенаманов, Ыбырай Тойчинов,Баялы Исакеев, Жайнак Саадаев, Казак-Кыргыз аскер комиссарынын орун басары Ыйманбай Орозалин жана башкалар болушкан. Алардын аракети менен 1924-жылы 14-октябрда РСФСРдын курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн. Бирок топтук күрөш улана берген. Партиялык жана советтик аппараттын ишин үзгүлтүккө учураткан топтук күрөш кийинчерээк Ортоазбюро БК БКП ( б) нын жигердүү аракети менен токтотулган. Ал учурда Баатыркан ушул бюродо иштеп калгандыктан эки топту жараштырууга көп аракеттерди жумшаган.
Мээрканов Баатыркан 1925-жылы Комунисстик партияга Төрөкул Айтматов, Эркимбек Эсенаманов болуп бирге өтүшөт. Зияш Бектенов «Замандаштарым жөнүндө эскерүү» китебинде: -«1925-жылы Пишпек шаарында ачылган Кыргызстан эл агартуу институнда окуй баштаганыбызда Эркимбек, Төрөкул жана Баатыркан Мээрканов үч бойдок жигит биздин Дзержин көчөсүндөгү ашканабыздын каршысындагы орустун үйүндө батирде турушчу. Айтматов Киробкомдун үгүт-насыят бөлүмүнүн Эсенаманов айыл чарба Мээрканов дагы бир бөлүмдөрүнүн башчысы болчу.
Бул үч бойдок жигит Нагыйма, Фарида, Калыйча аттуу үч татар кызга кат жазышып, сүйлөшүп жүрүшкөндө,биз менен бир бөлмөдө жатчу Темиркулов Ыйманкул кыздар менен жигитердин каттарын ташып конфеттерин жеп жүргөн экен….Көп узабай ал кыздардын Нагыймасына Төрөкул, Фаридасына Эркимбек, Калыйчасына Баатыркан үйлөнүп алды да биз жеп жүргөн конфетибизден кагылып калган элек»…деп эскерет. Жогорудагы үч татар кызы көптөгөн татар чыгармаларын кыргызчага которуп, эл агартуу майданына зор эмгек сиңирген деп Э. Турсуновдун айтканы бар. Эскерүүдө айтылгандай Баатыркан Мээрканов, Төрөкул Айтматов, Эркимбек Эсенаманов үчөө жакын достордон, катыш, аяштардан болушкан. Совет доорунун алгачкы жылдарында саясий ишмерлердин Орус улутундагы өкүлдөрү еврей улутунан, кыргыз интелегентери татар кыздарга үйлөнүшкөнү байкалат. Себеби бул калктын өкүлдөрү илим-билим боюнча алдыңкы улуттардан болушкан. Баатыркан Мээрканов да жаңыча жашоого, маданиятка умтулгандыктан татардын билимдүү кызына үйлөнгөн окшобойбу. 1926- жылдарын марттынан 1927-жылдарга чейин Төрөкул Айтматов ВКП ( Б ) нын Кара-Кол-Нарын кантондук комитетинин катчысы, ал эми Баатыркан 1925-жылдардын аягында 1926-жылдардын башында ушул Кантондо ВЛКСМдын катчысы болуп Төрөкул менен чогуу иштеген. Ошол эле 1926-жылы Баатыркан Борбордук комитеттин Орто Азия бюроосунун бөлүм башчысы милдетин аткарып, эл комиссарлар кеңешинин жерге отурукташтыруу боюнча комиссиясынын өкүлү Мамбет Сүйүмбаев, Каракол канткомунун катчысы Сатар Кулматов, Ички иштер комиссариатынын Караколдогу өкүлү Садыбакас Султангазиев, Окружкомдун төрагасы Сыдык Чоңбашев, Каракол округдук соттун төрагасы Касый Бегалиев, Волисполкомдун төрагалары болуп элди отурукташтыруу, ортолук чарбага кирбегендерди кулакка тарттуу үчүн тоодогу кыргыздарды кыдырып, жаңы өкмөттүн саясатын жүргүзүшкөн. Алар Каракол-Нарын кантонундагы аймактарда ат үстүндө, бэл чечпестен, күн-түнү иш жүргүзүшкөн. Ошо жылдары азыркы Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылы Семиз бел болуштугу болуп, Көлгө карап турган. Аларды Кочкор аймагына бириктирүү саясатына жэргиликтүү калк макул болбой нааразылык билдирип чыгышат. ВЛКСМдын катчысы Мээрканов Баатыркан, райаткомдун төрагасы Кадыркул Боталиевдердин туугандары ушу айылда жашагандыктан элди Кочкорго кошулууга көндүрүү аларга милдетендирилет. Кара-Күңгөй, Сарычат, Кошбулуң айылдарынын аксакалдарын чогултуп: – Совет өкмөтү жаңы саясат жүргүзүүдө, Мурдагыдай Уруу, урукка бөлүнүүгө болбойт.Кара-Кол калаасы бизден алыс. Ошондуктан Кочкорго кошулуп там салып, олтурукташкыла! – деп жэргиликтүү калктан Оторбаев Бозгунчу, Быйтыканов Омор, Осмон деген жигиттерди комсомолго жетекчи кылып көтөрүп элди тынчтандырат. Ошондон бери Кара- Күңгөй айылы Кочкорго кошулуп калган экен.
Мээрканов Баатыркан Пишпек окружкомунда ВЛКСМдын катчысы болуп которулуп , ал жерде комсомолдук ячейкаларды ачып, комсомолдук иштерди улантат. Ошондой эле « Эркин Тоо» гезитине да редакторлук кылып, 26-майдан 10–июнга чейин иштеген. Газетанын 56- 63- сандарынын чыгышына редакторлук кылган. Басма сөздө иштеген жылдары Эркин Тоого кандай макалаларды жазганы бизге белгисиз. Аны билүү үчүн архифик материалдарды аңтарып карап чыгуу керек. Ал редактор кезде газетанын 1926-жылы 1-июнундагы санында Бөрүбай Кененсариндин «Жай» деген ыры чыгып «Б.К» деп кол коюлса, 2-июндагы 59-санында Токчоро Жолдошовдун « Ленин жана анын партиясы» деген сын макаласына «Кара-Булак» деп кол коюлган. 8- июлдагы 62-санында « Сүйүнүч» атту жанытмасын Ыбырай Тойчинов «Тоолук» деген лакап ат менен жарыялап, ал гезиттин үч санына басылган. Анткени мезгил шартына жараша, кыйын кезеңде авторлор өз аттарын жашырып, лакап аттарды колдонушкан.Алсак Касым Тыныстанов- Кыт, келгин, Тагай, К.Т, Бөрүбай Кененсарин- Толкун, Чынчыл, Узакбай Абдукаимов- Үмүт, Кусейин Карасаев- Жаркын деген лакап ат колдонушса, гезит беттериндеги кабарлардын аягында «Акыйкат», «Айгак», «Көгөн», «Билген», «Уйгак» сыяктуу көптөгөн жашырын аттар кездешкеи тууралуу маалыматтар бар. Мүмкүн, Баатыркан Мээрканов да макалаларын лакап, жашырын аттар менен жазгандыр. 1926-жылдын 10-июнунан баштап, Осмонкул Алиев редактор болуп, Кайбылда Ибрагимов экөө жылдын соңуна чейин улам алмашып редакторлук кылышкан. Ал учурдагы редакторлордон Касым Тыныстанов ( 2-август-16-сентябрь 1925 ж), Төрөкул Айтматов ( 15-март- 14-апрель 1926-ж) Баатыркан сыяктуу кыска убакытка редакторлук кылышкан. Андан кийин Б. Мээрканов «Эркин Тоого» кайрылып редакторлук кылган эмес. 1927-жылдын башында Баатыркан Фрунзе шаардык райкомунда Үгүт-насыят бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалат… Пишпектеги борбордук педогогика техникумунун директору Базаркул Данияров ар кандай тарыхый даталарда Баатыркан Мээркановду чакырып, ал студентердин суроолоруна жооп берип карым катнашта болчу экен . Жусуп Абдракманов күндөлүгүндө 23.09. 1928-жылы … -« Саат үч жарымда Рябовдо Москвиндин орун басарында болдум. Кыргызстанга келүүчү кызматкерлер жана жолдош Мээркановду Свердлов университетине жиберүү жөнүндө сүйлөштүм. Кызматкерлер боюнча убадасын берди. Ал эми Мээрканов жөнүндө МК ( оңчулдарга каршы компания) менен макулдашууну сунуш кылды»…деп жазат. Мында көрүнгөндөй Мээрканов ошол кездин алдыңкы катардагы адамы болгон. 1929- 1930- жылдары Баатыркан ВКП (Б ) нын Талас кантонунун жоопту катчысы болуп турган. Ал кантамол болуп турганда Сабира Телтаева деген кызды байга кудалап беришкен жеринен башын ачып, Ташкенге алып келип САКУга окуткан. Кийин Сабира Телтаева белгилүү коомдук ишмер болуп чыккан.
Иманалиев Нуркаш ( Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы) –«1930-жылы Баатыркан Мээрканов келип Кара-Күңгөйдүн элине –« Сарбагыш, Арык тукум деп бөлүнбөй, Семиз-Белге, Кызыл тоого (азыркы кара жолду жээктей) отурукташкыла. Совхоз болосуңар. Азыркы конушуңар жайыт, айдоо аянты болсун»-дейт. Бирок, айыл билермандары Ботоканов Ыйманалы, Аблесов Алайдар « биз совхоз болсок өкмөт бизге сөйкөлүү чочко кой ( меринос) бактырат»-деп, элди үгүтөп көчпөй коюшат. « Электр» колхозундагы контораны Баатыркан салдырып бериптир»-деп, айтып берген эле. Ошол отузунчу жылдары ВКП(Б)нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы болуп дайындалып Кыргыз АССРинин таламын талашып иштеп турган.. Жусуп Абдырахманов 6-май 1931-жылы ВКП (б) БК Ортоазия бюросунун жетекчилери Бауманга, Ортоазия бюросунун өнөр жай жана курулушту тейлеген бөлүмүнүн башчысы М.Болдыревге кирип «Орто азиялык уюмдарды улутташтыруу өзбектердин эсебинен жүрүп Орто азиялык мекеме уюмдар, мекемелер өзбектешип жатканы жөнүндө » айтат. Алар болсо «андай нерселер болуп жатканы чындык.Бирок, өзбектер сураган кызматкерлерди беришүүдө ,ал эми калган Республикалар болсо кадр жагынан кемчил. Ошондуктан алар Орто Азия үчүн кадрларды берүүгө дараметтери жетпей жатат.Силерден деле Мээрканов иштеп жатпайбы?» -деп жооп беришкен. Мында көрүнгөндөй Мээрканов ошол кездин алдыңкы катардагы,билимдүү адамы болгон. Отуз биринчи жылдары ВКП (Б)нын Орто Азия бюросунун жоопту катчысы Мээрканов Ташкенттеги бир кабатуу батирде турчу. Кечинде чогулуштан кеч келген Баатыркан үйгө кире бергенде желкесине ок жаңылган.. Зияш Бектенов « Замандаштарым жөнүндө эскерүү» китебинде бул тууралуу мындай деп эскерет:
Бир күнү эртең менен залга кирсем, Эркимбек колуна телеграмма кармап: – Ушундай да өлүм болобу?!- деп, ыйлап турат. Жанында: – Кой Эркимбек кайрат кыл!-деп, Фарида жеңе турат. Көрсө: «Кызматынан кеч кайтып, оозгу үйгө кире бергенде мүдүрүлүп жыгылып, өз тапанчасынын огу жаңылып, Баатыркан Мээрканов дүйнөдөн кайтты»,-деп, Эркимбекке аялынан телеграмма келген экен.
– «Өлъм- каш-кабактын ортосунда деген туура сөз экен го. Эл үчүн жан дили менен кызмат кылып жүргөнүндө күтүлбөгөн ажалдан күм- жам болгон тура,кайран жигит, кайран бала!»-деп, көз жашын төгүп турган Эркимбекке кайрат айтам деп жатып, Фарида жеңе да: – Ай, чиркин ай, Баатыркан байкуш жигиттин гүлү эмес беле!-деп, ал да ыйлап жиберди. ( караңыз: З. Бектенов, Замандаштарым жөнүндө эскерүү, 231-232-бет). Жазуучу Эрнис Турсунов 1988-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитине: «Түнкү саат бирде бюродон кайткан Мээрканов эшикти тартса ачылбайт. Какса эч ким үн катпайт. Алар Ташкентте бир кабат тамда турушчу. Аңгыча үй ичинен: «Баатыркан, сыртта кызыңдын ороосу жайылуу турат, ала келчи»- деген аялынын үнү чыгат. Адептүү, элпек Мээрканов жипте жайылуу турган ороо, чулгоону, көтөрүп кире бергенде желкеге ок тиет. Көрсө Баатыркан келгенде каалганын артында турган Татар офицери тапанчасын кобурадан чыгарып желкеге аткан тура. Аялы Баатырканды эл душманы өлтүрдү деп, билдирет. Анын өлүмүнүн чыныгы себептери ачылбай калат. Сөөгү эки күндөн кийин аза күтүү музыкасы менен коштолуп, Ташкенттеги көрүстөнгө коюлат. Мээркановду узатуу аземине САГУ нун САХИПИнин студентери, угуучулар, курсанттар келип көрүстөнгө самсып чубап барышкан-деп, жазат. Албетте, Баатыркан Мээрканов өтө жашында дүйнө салды. Ошол аз өмүрдө көп иштеп, кызматтык тепкичтерге өсүп олтурган. Бирок, аттиң бир октук тура.
САКУда окуган Фатима деген татар кызы алдыңкы окуучулардан болуптур. Ошол кыз сабакка келбей калып, аны менен бирге окуган кыргыз кызы Сабира Телтаева, Каракалпак кызы Камдикова экөө издеп барышат. Барса Фатима менен анын күйөөсү болгон татар офицери өлүп жатыптыр. Стол үстүндөгү катты окушса татар офицери: – далай чоң кызматкерлерди өлтүргөнүн , Совет өкмөтүнө каршы экенин, Баатыркан Мээркановду да өлтүргөнүн, өзүнүн аялы билип калганда аялын, анан өзүн атканын жазып калтырыптыр. Бирок, эл ичинде аны билгендер бийлик талашуунун курмандыгы болду деген пикирди айтып келишкен.
1930-31- жылдары Баатыркан эле эмес Базар-Коргон ячейкасынын катчысы А.Жылкыбаев, алгачкы колхоз башкармасы Уркуя Салиева, Колдош Салиевдер да эл душмандары тарабынан өлтүрүлгөн. Баатыркандын аялы Калыйча бир кызы менен Ташкентте калган Ал эми достору Эркимбек Эсенаманов ( Кыргыз АССР айыл чарба комиссары), Төрөкул Айтматов (партиянын Ош райкомунун катчысы) 1937- жылы репресияланып атылды. Жакын туугандары Быйтыканов Омор, Осмондор да репрессияда дайынсыз жок болушту.Ал эми иниси Мээрканов Сулайман белгилүү комузчу болгон. Анын балдары Көлдө жашоодо.
Мүмкүн, Кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон Баатыркан Мээрканов узак жашаса Кыргызстандын жетекчиси же достору сыяктуу репрециянын курмандыгы болмоктур. Учурда кимдин аркасында тың уулдары же туугандары болсо эмгегинин канчалык деңгээлде экенине карабай, аты даңазаланып келет. Ал эми, Баатыркан Мээрканов сыяктуу мамлекетибиз үчүн кан жанын аябаган инсандар унутта калууда. Аларды урпактардын эсине салып, эмгектери тарыхта жазылуусу керек.
Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ
Кыргыз Республикасынын журналисттер союзунун мүчөсү.
Кочкор району. Кара-Күңгөй айылы
mderkenbaev@mail.ru

АЛЫКУЛ АКЫНДЫН ЖУБАЙЫ ЗЕЙНЕП СООРОНБАЕВА
КОЧКОРЛУК ЭКЕНИН БИЛЕСИЗБИ?

100_7702 Тогузунчу класста окуп жатканымда, жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген Сабырбекова Каным аттуу эжей «Адабият» сабагынан берип калды. Ошондон баштап бул сабакка кызыгуум ойгонду. Айрыкча Алыкул Осмонов жөнүндө теманы өтүп жатканда Алыкулдун Айдайга болгон сүйүүсүн, кийин Зейнеп менен баш кошуп, Жыпар деген кыздуу болуп ал кызы чарчап калганда анын чачын өмүр бою катып жүргөнүн айтып бергенде бир башкача сезимде тымтырс болуп угар элек…
Акындын Зейнеп менен суз мамиледе жашап жүрүп экөөнүн ажырашып кеткенин, андан кийин баш көтөрбөй ырлар жазганын айтчу.
Алыкул Осмонов жөнүндө эжейибиз, бериле айткандыктанбы кай бир окуучулар жашып да кетчү. Ошондо Зейнеп эмнеге ушундай белгилүү акынды таштады экен деген ойго келип, ага жооп таба албай олтуруп калаар элек. Менин сабакка ынтаамды байкадыбы Каным эжейим бир күнү – «Деркенбаев эртең ыр жазып келишиң керек. Сенин талантың ачылбай калат» – деп тапшырма берди. Ошондо чүргөп барган ырларымды «Жаш Талант» аттуу дубал газета ачып, чыгарып мени чыгармачылыкка багыштаган. Эжейдин айткан Зейнеп менен Алыкулдун жашоосу тууралуу баяны менин жадымдан эмдигиче кетпей келет.
… Бир жолу санжыра тарых изилдөөчү Кабылбек Жумабаев «Сен Кочкордон чыккан белгилүү инсандарга көп кайрылып жүрөсүң. Алыкул Осмоновдун аялы Зейнеп да Кочкорлук болот. Ошону да иликтеп көрсөң » деп калды…
Эл оозундагы айтымдарга караганда Совет өкмөтү түзүлгөндө Кочкордун көкүрөк өңүрүндөгү Келдике уруусунан чыккан Кудайбергенов Акмат деген адам Ак-Кудук айылын уюштуруп колхоздоштурат. Тың чыгып туугандарына баш көз болгондуктан «Келдике Акмат» деген атка ээ болот. Кийин Пишпек шаарына барып «Эркин Тоо» гезитинде котормочу, сотко секретар болуп турган кездеринде, туугандарын көчүрүп барып, шаар маданиятына аралаштырат. Келдике Акматтын кызы Анвар Кутубаева өз доорунун көрүнүктүү актрисасы болгон. Акматтын жакын тууганы Сооронбай соода тармагын жетектеп, балдарын жогорку окуу жайларда окутат. Өз балдарынан сырткары Сапаргалый Базарбаев деген баланы багып алып, Токмоктогу балдар үйүнө тарбияланууга берген. Ал жерде Сапаргалый сурнайчы Алыкул Осмонов барабанчы болуп, балдар үйүндөгү отряда чогуу жүрүп, теңтуштардан болушкан. 1937-жылы Сооронбаев менен келдике Акмат куугунтукка кабылып, репрецияланат. Андыктан үй бүлөнүн түйшүгү аялы Зуура менен улуу баласы Керим Сооронбаевге түшөт.
Керим 1930-жылдары Кыргыз агартуу окуу жайын бүтүрүп, ошол жерде окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысы, директор даражасына жеткен. 1939-жылы Кыргызстандын ЛКЖС БКнын катчысы болуп, 1941-жылдары биринчи катчылыкка чейин көтөрүлгөн. Керимдин карындашы ай чырайлуу Зейнеп үйдүн кенжеси болгондуктан эрке болуп чоңойот. Сооронбаевтин асыранды баласы Сапаргалый менен бирге жүргөн Алыкул Осмонов бала кезинде Зейнеп жөнүндө угуп, билип сыртынан жактырып жүрөт. Кээде Дзержинский багында коньки тээп, көңүл ачып жүргөн оюнкараак кызды суктана карап тураар эле. Ал тургай жигит болуп калган кезинде, Керим Сооронбаевтин короосунун алдынан Сапаргалый Алыкулду көрүп калып: –« Ээ, Алыке эмне кылып жүрөсүң, менде жумушуң бар беле?» деп сурайт. Бала кезден сыр жашырбаган курбусуна, ачык айтууну эп көрүп Алыкул шарт жооп берет: – «Сапаке карындашыңа көз салып жүрөм, чоңойуп бой тартса колукту кылып алсамбы деген ойдомун». ..
Зейнеп мектепти аяктагандан соң, ошол кездеги бирден бир окуу жайы болгон, педтехникумга тапшырат. Окуу жайда коомдук иштерге аралашып, драма ийримдерине катышат. Алыкул Осмонов педтехникумга бара калганда Зейнептин оюн коюп жатканын көрүп, сугу артып жүрөт. Жигиттин антип сыртынан акмалап жүргөнүн Зейнеп билген эмес…
Зейнеп Сооронбаева педтехникумду аяктады. Андан ары 1937- 1941-жылы Москвадагы А.В. Луначарский атындагы театралдык институтта окуусун улантат. Зейнеп өтө активдүү кыздардан болгондуктан аялдардын биринчи сьездине маданият тармагында иштеген Күлүйпа Кондучалова менен бирге катышып сөз сүйлөгөн. 1939-жылы Кыргыз ССРинин исскуствосунун 1-декадасы Москва шаарында өтөт. Мына ошол декадага даярдык жүрүп жаткан кезде институттагы кыргыз студентери Зейнепти «Москва» клубуна жолугушууга чакырат. Ашыгып келсе залда эл жык толуп, орундук жок. Аны ортодогу бош орундукка чакырат. Жанындагы өңү серт,жаш, мээримдүү жигит Зейнептин окуусун, студенттик күндөрүн сурап, аны көрүп жүргөнүн айтып, эски тааныштай мамиле жазайт. Экөө таанышат. Зейнеп буга чейин Алыкулдун атын угуп жүрсө да, өзүн көрө элек болчу. Курбу кызы Айдай Жигиталиева менен сүйлөшүп жүргөнүн уккан. Анткен менен алардын кийинки мамилелери жөнүндө билчү эмес…
Алыкул сүйлөп жатып олутуу түрдө: -« Мен сени чакырткан себебим, турмуш куруу сунушун айтсам дедим эле»-деп суроолуу карайт. Мындай күтпөгөн сунушка Зейнеп таңданып, же ыйлаарын же күлөөрүн билбей кызарып турду. Таанышып таанышпай эле шарт айтылган сунуш аны ден дароо кылды. Аны сезген акын аяр кучактап: – «Андай болсо күтөйүн, окууңа тоскоол кылбайын, бат-бат келип турамын!» -деди. Бул жолугушууну Зейнеп менен чогуу окуган Ажыгабыл Айдаркулов, Илике Көкөев атайы уюштуруп, Алыкулдун жанынан орундук камдашкан. Зейнеп келечектеги тагдырлашы Алыкулга ушинтип жолугат. Зейнеп институтка келип, курбусу Ритага болгон окуяны айтып берет. Рита Зейнептин сабактарына жардам берип, турмушка терең караган кыз эле. Ал: – «Окуу керек болсо, турмушка шашылба. Күйөө керек десең бүгүндөн калбай кет» -деп урушат. Кийин Зейнеп Алыкулду Ритага тааныштырат. Алар жол жээктей сүйлөшүп басып, Зейнеп артынан ээрчий басып театрга барышат. Театрдан кайткан соң Рита: -« Зейнеп, бул жигитти колдон чыгарба, экөөңдүн тагдырың бир» -деп айтат.
Ошондон тартып Зейнеп Алыкулга жолугуша баштайт. Экөөнүн мамилеси жакшы болгон менен Зейнеп чоң сүйүүнүн илебине тартылбады. Бул тууралуу курбу кыздарына айтса , «Сүйүү үйлөнгөндөн кийин келет, сүйлөшүп жүрө бер, мындай адам менен баш кошуу бакыт эмеспи» дешти.. Алыкул Москвага Зейнепти көрүүгө байма-бай каттап, экөө театрга,киного кээде Алыкулдун Акимжан Токбаев ( кийин соода министри), Жумабай Камчыбеков ( партиялык кызматкер) деген досторунукунда болчу.Зейнеп Алыкул менен таанышкандан эки жылча убакыт болгондо, кыргыз студиясында окуган студент кыз: «Алыкул үйлөнгөнү жатыптыр» деген кабарды айтат. Мындай сөзгө ишенер ишенбесин билбей Алыкулдан «чындыкты ачык айтууну» өтүнүп кат жолдойт. Катты алган акын өзү бараарын айтып телеграмма уруп,аркасынан Москвага учуп жетип, үйлөнүү сунушун айтат. Бир нече күн Зейнеп менен Москвада теятрга, киного кирип сейилдеп кайтат.
1941-жылы августа Зейнеп Москвадан Кыргызстанга келип театрда иштей баштады. Эми мурдагыдан жакын болуп, ээрчишип жоро-жолдошторунукуна бирге барышат. Зейнеп шайыр, ачык, ал эми Алыкул тънт, сөзгө сараң, ойчул болчу. Алардын ушул коошпогон мүнөзүн байкаган Мукай Элебаевдин жубайы Бурулча Зейнепке: – Экөөң жуп болуп жашап кетээриңе анчалык ишенбейм –дейт. Бурулчанын муну айткан себеби Зейнептин энеси Зуура « ушу кенже кызымдын ким менен сүйлөшүп жүргөнүнө көз салчы» деген суранычынан болгон. Аны Зейнеп Алыкулга айтып, ал « Бурулча жеңемдин эмне дегени?» деп таарынычын Мукай менен Түгөлбайга билдирет. Мукай – «алардын ымаласын муздатпа» деп аялын урушат. Акыры алардын үйлөнүү тою Керим Сооронбаевтин үйүндө өтөт. Керим ал кезде Кыргызстан ЛКЖС БКнын биринчи катчысы болуп турган. Карындашынын никесине каршы болсо, да көңүлүн кыя албады. Той үлпөтүнө Жоомарт Бөкөнбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев, Өмүркул Жакишев, Мукай Элебаев жана башка жазуучулар катышып, эки жашка ак батасын беришет.
Алыкул 1939-жылы Д. Бедный азыркы Токтогул көчөсүндө өзүнө берилген бир бөлмө үйдө Түгөлбай Сыдыкбеков менен бирге жашап турчу. 1940-жылдын сентябрь айынан вокзалдан алыс эмес Түштүк көчөсүндө ( кийин Чуйков деп которулган) жазуучулар союзу курдурган эки кабаттуу үйгө Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымаалы Баялинов, Темиркул Үмөталлиев, Өмүркул Жакишевдер коңшу болуп көчүп келишет. Зейнепти ушул жердеги чакан эки бөлмөлүү үйүнө алып келди. Алгач экөө бактылуу жашады. Алыкул жаш колуктусун «көпөлөгүм», «ак куум» деп эркелетсе, Зейнеп акынды «кыялкеч» дей турган. Алыкул көп сүйлөбөй түнт болуп, дулдуюп олтура берсе, Зейнеп «Айдайын унута албай жатат» деген ойго кетчү.
Зейнеп искусство иштери боюнча республикалык башкармада театр бөлүмүнүн жетекчиси болгондуктан, ишине эртең менен 9 да кетип, 11 де кайтып үй оокатка чолоосу тийбейт. Жаңы коюлган спектаклдерди талкулоо болгондо түнкү 1-2 лерде келчү. Акын жаш жубайын үйүнөн чыгаргысы келбеди. Кызганды. Бактылуулук узакка созулбады, экөөнүн уруш талашы көбөйдү. Зейнеп жумуштан кеч келгенде үйдъүачпай дулдуюп олтура берчү. Алыкулдун бир мүнөздүгү,оңой менен ачылып сүйлөбөгөнү, Зейнептин көктүгү мамилени жылыта албады. Бир-биринен кечирим сурабай экөө эки жакты карап жатышкан учурлары көп болгон. Ал учурда Зейнеп Сооронбаева ГИТИСтин бүтүрүүчүлөрү койгон «Корол Лир», «Жардылык кемтик эмес» атуу спектаклдерге резенция жазып «Советская Киргизия» жана башка газеталарга үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Ал тургай Алыкул Осмоновдун «Он экинчи түн» деген котормосуна да резенция жазган. 1942-жылы согуш басылмак турсун күчөп жатты. Зейнептин агасы Керимди Свердловскиге КПСС Бкнын жогорку партиялык мектебине жөнөтүштү. Үйдө апасы Бурулча, келини, небереси менен кыйын турмушту башынан кечирип жатканда, Зейнеп да байма-бай төркүнүнө бара баштаган. Ошол жылы кыздуу болушту. Алыкул көпкө ойлонуп кызына Жыпар деп ат койду. Эки жаштын кубанычына чек жок. Алыкул аялын чекесинен сылап, кызын өпкүлөп жашоо оңуна түштү. Бирок төрөт үйүндө суукка урунган наристе 15 кън гана жашады. Кыз Зейнептин колунда үзүлдү. Акын кызынын чарчаганын жан адамга айтпай, өзү көтөрүп көрүстөнгө коюп келген. Кызынын чачын кыркып алып өмүр бою сактап жүргөн. Кыз чарчагандан кийинки акындын, Зейнептин кайгысы экөөнүн ортосундагы муздактыкты ого бетер күчөттү. Акыры 1943-жылы августа Зейнеп кечкисин үйдөн чыгып кетип, кайрылып барбады. Анын буюм тайымдарын апасы менен Мукай Элебаевтин жубай Бурулча алып келген. Алыкул Зейнеп менен жашап жүргөндө В. Шекспирдин «Он экинчи түн» чыгармасын которгон. Эгер акын бир жыл чыдап койгон кезде мүмкүн экөө балалуу болуп, сүйгөн жары үйдө олтуруп калмак беле? Ким билет. Муну экөө тең кеч түшүнүшкөн.
Ажырашуу акынга да Зейнепке да чоң сокку болду. Зейнеп кеткенден кийин Алыкул үйдү таштап Тимирязев көчөсүнөн үй сатып алып көчүп кеткен. Жолдоштору «Өз үйүңдөн кетпе» дегенде «бул үй мага бактысыздык алып келди» деп тил алган эмес. Алыкулдун акыркы өмүр жашоосу жаңы сатып алган үйүндө өтүп, болгон жинин ыр жазууга арнаган. Зейнеп да ажырашуудан көп өтпөй Москвага барып, ГИТИСтин аспирантурасына окуп баштады. Жоомарт Бөкөнбаев, агасы Керим аракет кылып экөөнү элдештире албады. Зейнеп акынды төрт жыл күттү. Келип үйгө алып кетет деп жүрдү. Артынан канчалаган ушактар айтылды. «Алыкул эл душманынын кызын кууп салыптыр», «Зейнеп акынды чанып кетиптир», «Алыкулдун оорусу жугат деп, үйүндө оокаттарды жыйначу эмес экен» деген ушак айың кептер элдешүүгө мүмкүндүк бермек да эмес. 1947-жылы Керим Тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул жылы Зейнеп да жаңы тагдыр таап Ташкентке кетип, күйөөсүнүн фамилиясын алып Зейнеп Талибова аталды. Ошентип кыргыз кыздарынан алгачкылардан болуп театрлык искусство жагынан Москвадан билим алган Зейнеп өз жерине бата албай башка жакка турмуш куруп кетти. Ал жактан уулду болгондо акынга барып өзүн жана уулун тартуулап кечирим сурамакчы болот. Ал тилегине да жетпеди.
1950-жылы кыштын суугунда оорулуу акын каза тапты. Зейнепке эч ким кабар айтырбады. Жазуучу Сергей Бородиндин аялы Рауза чуркап келип «мурдагы күйөң, кыргыздын акыны каза болуптур» деп угузат. Рауза менен Зейнеп Москвада чогуу окушкан.
Зейнеп «Жыпардын 1942-жылдын 9-февралында чарчады» деген догдурдун маалымдоо кагазын жыйырма беш жыл катып жүрдү. Кийин 1967-жылы Алыкулдун архивине тапшырган. Кагазды сактап келгени аны көргөн сайын акынды эске алып, аз жашаган бактылуу учурун эскерип алчу. Көп жылдар өткөн соң Зейнеп Алыкулдун мүрзөсүнө барып, гүл чамбар коюп куран окуп кайткан.
Изилдөөчүлөр Кыргыз поезиясы Алыкулдай акынга ээ болгон менен өнөр таануу илими Зейнептей адисинен ажыраганын айтып келишет. Эгер Зейнеп Кыргызстандан кетпей элибиз үчүн кызмат кылганда исскусствого канчалык деңгээлде салым кошоор эле?…

Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ САМҮДҮНОВИЧ
Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы.
0773 90 86 10
mderkenbaev@mail.ru

Баш мыйзамдын тарыхый жолу кандай?
Конституция — бул мамлекеттин негизги мыйзамы, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин тизмелеп, өлкөдөгү мамлекеттик түзүлүштү аныктаган негизги эрежелердин жыйындысы. Адам баласы жаралгандан бери эле кандайдыр бир эреже, каада-салттарды, нарк-насилдерди колдонуп ага баш ийип жашап келет. Мына ошол үрп-адаттарды пайдаланган башкаруучулар алардын негизинде мыйзамдарды иштеп чыгышкан.Тарыхка кайрыла турган болсок, эң алгачкы мыйзамдар жыйнагы Вавилон падышасы Хаммурапи (биздин заманга чейинки 1792-1750-жж.) тарабынан түзүлгөн. Мына ошол учурдан баштап ар бир мамлекет өзүнүн жашоо турмушуна жараша мыйзамдарды, Конституцияларды түзүп колдонууда. Кыргыз элинде мыйзам болбосо да, байыртан өзүнүн оозеки түзгөн каада-салттары, нарк-нускалары аркылуу жашап келишкен. Кийин Ормон хан элди башкаруу үчүн салттарга негизделген «Жооп Наама» мыйзам китебин жаздырганы тууралуу айтылып жүрөт. Совет өкмөтү түзүлгөндөн баштап Кыргыз мамлекети конституциялык түзүлүшкө ээ болду. Алгач 1918-жылы октябрь айында Түркстан АССРи Советтеринин 6-съездинде республиканын социалдык-таптык негиздерин жана мамлекеттик түзүлүшүн бекиткен биринчи Конституциясын кабыл алган. Кыргыз эли Түркстан АССРинин курамында болгондуктан ушул мыйзамды колдонгон. 1924-жылы 14-октябрда кыргыздын Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев ( Кочкорлук), Жусуп Абдрахманов, Ыйманбай Орозалиев (Кочкорлук), Иманалы Айдарбеков, Баатыркан Мээрканов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу алдыңкы инсандарынын аракети менен РСФСРдын курамында Кара Кыргыз автономиялуу облусу түзүлдү. 1924-жылы СССРдин Конституциясы, 1925-жылы РСФСРдын алгачкы Баш мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу, элибиз РСФСРдын Баш мыйзамын колдонууга өткөн. 1926-жылы 14-октябрда Кыргыз автономиялуу облусун Кыргыз АССРи кылып кайра түзүү боюнча облаткомдун комиссиясынын ичинен конституциялык даярдоо комиссиясы бөлүнгөн. Алар облсоттун төрагасы Л.Абербург, облпрокурор Я.Вельт, облаткомдун секретары К.Абрамов жана укук боюнча кеңешчи Лавровдор болушкан. Буларга 1-июлга чейин Конституциянын долбоорун даярдоо сунуш кылынган. Бирок, алар кечиктирип олтуруп 1926-жылдын күзүндө араң даяр кылышкан. Кыргыз АССРинин болочок Баш мыйзамынын долбоорунун 50 пайызын 1925-жылдагы РСФСРдын, 20 пайызга жакынын 1925-жылы чыккан Татар АССРинин Баш мыйзамынан алышкан. Кызыгы, бул Баш мыйзамдын долбоорунда орус, кыргыз, өзбек тилдери мамлекеттик тил катары киргизилген. 1926-жылы 2-октябрда Кыргыз автономиялуу облусун кайра түзүү боюнча Комиссиясынын экинчи жыйыны долбоорго бир катар өзгөртүүлөрдү киргизет. «Негизги жободо» автономиялык түзүлүштөрдүн статусу аныкталбай калган. Кыргыз автономиялуу облусу РСФСРдын курамында болгондуктан автономиялуу республика улуттук мамлекет болобу же жокпу? — деген талаштуу маселе жаралган. Конституциялык топ билиминин, мыйзам чыгаруу тажрыйбасынын жоктугуна карабай, ар кыл көз караштагы мыйзамдын бир канча варианттарын түзүшкөн. 1926-жылы 5-декабрда Кыргыз автономиялуу облусун (КАО) кайра түзүү боюнча комиссиясы талаш-тартыш менен жалпысынан Конституциянын бир долбоорун кубатташкан. Аны 16-ноябрда Кыргыз облустук компартиясынын Аткаруу бюросу, 19-октябрда облаткомдун Президиуму бекитти. 2-декабрда өткөрүлгөн облаткомдун 5-пленуму долбоорду жактырып, 1927-жылы 7-12-мартта өтүүчү Кыргыз АССР Советтеринин 1-уюштуруу съездине жолдонгон. Бирок, белгисиз себептерден улам каралбай калган. Аталган Баш мыйзамдын кабыл алынбаганынын бир себеби, анын жеткире иштелбегенинде болсо керек. Анда болгону 60 статья болгон. Ал эми башка республикалардын Конституциялары 90-100 статьядан турган. Съездде РСФСРдын курамында Кыргыз АССРи түзүлүп, бирок Баш мыйзамды кабыл алуу кийинкиге калтырылып, аны оңдоо-түздөө иши токтободу. 1927-жылы12-декабрда Кыргыз БАКтын Президиуму курамында Манкиров, К.Абрамов, республиканын Ички иштер комиссары И.Жоломанов турган жаңы конституциялык комиссиясын түзүп, ага кийин КырБактын жаңы секретары А.Зубов тартылган. Конституциянын долбоорун Кыргыз АССРинин 1929-жылы апрелде өтүүчү 2-съездине даярдоо тапшырмасы берилди. Жалпысынан алганда дагы үч түрдөгү долбоор түзүлдү. 1929-жылы 19-февралда партиянын обкомунун Аткаруу бюросу анын тандалган бир долбоорун жактырып КырБАКка жиберет. Конституциянын мурдагы долбоорунун 2-статьясында: «Кыргыз АССРи улуттук автономиялуу республика — жумушчулар менен дыйкандардын эмгекчилеринин мамлекети болуп саналат» — делсе, жаңысында, «эмгекчилеринин» жана «улуттук» деген сөздөр алынып салынган. Себеби, Кыргыз АССРи эми көп улуттуу республика болуп калган. Долбоор 16-апрелде адегенде Аткаруу бюросу, 16-апрелде Кыргыз БАКтын 1-чакырылышынын 5-сессиясы жактырып, 2-съездге сунуш кылышат. 1929-жылы 25-апрелде 2-съездде Кыргыз Борбордук Аткаруу комитетинин төрагасы Абдыкадыр Орозбеков жетектеген 47 делегаттан турган конституциялык комиссия түзүлөт. Алар делагаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен 15ке жакын оңдоолорду киргизишти, 30-апрелде съезд Кыргыз АССРинин 7 бөлүмдөн, 16 главадан жана 97 статьядан турган Конституциянын долбоорун жактырган. Съездге 220 делегат катышкан. Ошол эле жылы 1-июлда Кыргыз БАКтын жаңы Президиуму Конституциянын жаңы текстин анча-мынча оңдоолор менен кабыл алган. Ошентип 1929-жыл 30-апрелде республикабыздын алгачкы Конституциясы кабыл алынып, анда кыргыз, орус тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Советтердин съезди, съезддер аралыгында республиканын Борбордук Аткаруу комитети жогорку башкаруу органы болуп калган. Совет бийлигиндеги өзгөрүүлөр Конституцияда жазылгандыктан, өлкөдөгү өнүгүү 1924-жылда кабыл алынган СССРдин мыйзамы, 1929-жылдагы Кыргыз АССРинин Конституциясы эскирип, тарыхый мезгилге туура келбей калды. Ошого байланыштуу 1936-жылы 5-декабрда СССРдин экинчи Конституциясы кабыл алынып, Кыргыз АССРи, Кыргыз ССРине айланып, СССРдин курамындагы тең укуктуу өлкө катары эсептелген. 1937-жылы 23-мартта Кыргыздардын чукул чакырылган 5-съезди Кыргыз ССРинин Конституциясын бекитти. Конституцияда, «Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз ССРинин мамлекеттик бийлигинин жогорку органы” болуп саналган. Социалисттик курулуштун чарбалык-уюштуруу, маданий тарбиялоо иштерин чечүүдө эл комиссариаттарына кеңири укук берилген. Кийин 1978-жылы 20-апрелде Кыргыз ССР Советинин тогузунчу шайланган кезексиз сегизинчи сессиясы Кыргыз ССРинин Конституциясын (Негизги Мыйзамын) кабыл алышкан. Конституцияда республиканын тарыхый жактан өзгөчөлүктөрү, улуттук мамлекеттик түзүлүшүнүн тажрыйбасы чагылдырылган. Бул Конституция КПССтин жеке бийлигин мыйзамдаштырган. Ошентип алгачкы Конституция кабыл алынган 60 жыл ичинде эки жолу өзгөрүүгө учурады. Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин 1993-жылы 5-майда Жогорку Кеңеш тарабынан Баш мыйзам кабыл алынды. Ошол жылдан баштап Жогорку Совет, Жогорку Кеңеш деген атка ээ болгон. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда ага 4-жолу 1994-1996-1998-2003-жылы өзгөртүүлөр кирди. 2003-жылкы оңдолгон Конституция Акаевдин режимине нааразычылыкты пайда кылып, 2005-жылкы март революциясына алып келди. Ал эми Курманбек Бакиев башкарган жылдары кыска убакытта Баш мыйзамыбыз үч жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Өзгөчө, 2006-жылы 9-ноябрда «парламенттик», декабрда «президенттик» башкаруудагы Конституция кабыл алынып, оппозициянын нааразычылыгын пайда кылды. 2007-жылы Конституциялык сот жогорудагы эки Баш мыйзамды тең «Конституцияга туура келбейт» деп тапкан. 2007-жылдын 15-январында, кийин 2007-жылдын 23-октябрында референдум аркылуу Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынып, президенттин укуктарын көбөйткөн. Бул Баш мыйзам да элдин нааразычылыгын күчөтүп, акыры апрель революциясы менен аяктады. 2010-жылы 27-июнда жалпы элдик референдум аркылуу өлкөбүздүн жаңы Баш мыйзамы кабыл алынып, парламенттик башкарууга өттүк. Анда Конституциябыз шашылыш кабыл алынып, айрым чийки жактары болгондуктан 11-декабрь 2016-жылы жалпы элдик референдумда айрым өзгөртүүлөргө элибиздин көпчүлүгү “макул” деп добуш беришти. Добуш берүүгө кочкорлуктар да өтө активдүү катышышты.
Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясы 1787-жылы кабыл алынып, ошондон бери 17 жолу өзгөртүү кирсе, Россия 1993-жылы референдум аркылуу кабыл алган Конституциясын өзгөртө элек. Эзелтен кыргыз элинде хандык бийлик болбогон себептүү, азыркы парламенттик башкаруу элибизге ылайыктуу.
Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ, Кочкор району, Кара-Күнгөй айылы.

Гүл бакча элге кызмат кылмакчы
ОТ · 10.06.2016

Ормонхандын паркын ачуу демилгеси токсонунчу жылдардын аягында көтөрүлүп Көбөгөн-Сай тараптан жер берилип, бактар олтургузулуп райондук токой чарбасынын карамагына өткөрүлүп берилген

№21-22 ( 8821-8822), 10-июнь 2016-жыл

Кыргыз эли IX-XIX кылымдардын аралыгында татаал мезгилдерди баштарынан өткөрүп, чачыранды болуп? мамлекетүүлүгүн жоготуп, эл тагдыры тарыхый кыйын учурладардын чордонунда болгону баарыбызга маалым. Уруучулук түзүлүш душмандар тарабынан кыргызды бир-бирине кайраштырууга оңой жол болгон. Көптөгөн эр азаматтарыбыз өз уруусун, өз жерин коргоп жүрүп курман болушту. Ошондой учурларда чачыранды, уруу урууга, кокту-колотко бөлүнгөн кыргыз элин бириктирүүгө далай баатырларыбыз, күрөшүп ойлоруна, эңсеген тилектерине жетпей арманда кетишти. Аларга Тайлак баатыр, Ормонхан сыяктуу тарыхый инсандарыбызды кошсок болот. Анткен менен бул инсандарыбыздын маареке тойлору мамлекеттик деңгээлде белгиленгени менен анчалык көңүл бурулбай жаткансыйт.Ошол эле учурда тарыхта орду, салмагы аз адамдардын маарекелери шаң-салтанат менен өтүүдө. Дегеним Ормонхандын 220 жылдык маарекесинде камтылган иш чаралардын бир катары аткарылбай калды. Дегеле маареке той бүткөн соң тарыхый инсандарга көңүл буруу токтоп калат окшобойбу. Азыркы учурда Ормонхандын ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча Кош-Дөбө айылдык кеңеши, айыл өкмөтү анын ысмын Кош-Дөбө айыл аймагына берүү боюнча жогорку кеңешке кат жолдоп келишет. Бирок тиешелүү жыйнтык чыга элек. Жакында Кош-Дөбө айылдык кеңешинин сессиясында анын ысмын райондун борбору болгон бир көчөгө берүү, ошондой эле аскердик күч органдарында артыкчылыкка ээ болгондорго анын ысмындагы орден чыгаруу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылуу көтөрүштү. Быйылкы «Маданият жана тарых жылында» тарыхта опол тоодой орду бар Ормонхан Ниязбек уулун эскерип кетпесек болбос. Биз анын өзүнүн урпагы райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын начальниги Жолдошбек Азаркуловко бир катар суроолорду узаттык.

— Жолдошбек Азаркулович сиз айтылуу каранын ханы Ормондун урпактарынан болосуз.

Быйылкы жылы тарыхый инсаныбызга көңүл бөлүнүүдөбү?

— Туура айтасың, Ормон Ниязбек уулу менин бешинчи атам. Ал 1790-жылы төрөлүп, түндүк кыргыздарды бириктирип, мамлекетүүлүктү орнотууга аракеттенген. Ал он жети жашынан жоого каршы жортуулдарга катышып, нечен ирет жекеге чыгып эрдик көргөзгөн. Ошондуктан анын тукумдары атынан атабай ушул күнгө чейин «Баатырдын тукумубуз» деп тергеп келишет. Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштайт. Атасы Ниязбектен кийин эл Ормондун бийлигине моюн сунган. 1830- 1831-жылдары Орто-Токойдо, көчмөн каада салты боюнча тогуз акбоз бээ союлуп, ак кийизге олтуруп хан көтөрүлгөн. Өзүнүн хандык туусу болуп, бийликти тартипти чыңдоодон баштайт.1847-жылы казак ханы Кененсары менен кармашта өзүнүн согуштук тактикасы, айла амалы менен жеңишке жетишет. Анын согушта колдонгон ыкмалары «Ормон опуза» деп эл ичинде айтылып калды. мыйзамдарынын жыйындысы «Ормон окуу» деген ат менен белгилүү. Ормон хан канчалык аракет кылбасын Кыргыз уруулары бириккен эмес. Ошонун азабынан өзү да курман болду. Орус окумуштуусу А.Бернштам Ормонханды орус падышасы Иван Грозный менен салыштырып «Ормон-малый Грозный» деп баа берген. Ормонхандын кыргыз элин сактоодо жана мамлекетүүлүгүн түзүүдө ролу зор. Азыр ар ким өз уруусунан чыккан ата- бабасын баатыр деп даңазалап көтөрүп жатат. Ормон алар сыяктуу бир уруунун баатыры эмес жалпыга тең инсан. Совет өкмөтүнүн учурунда аны курулай жамандап келсе, эми гана көңүл бурулууда. 2013-жылдын 13-20-октябрда Ормон хан Ниязбек уулунун 220 жылдык маарекесине арналган «Манас оюндары» улуттук спорттун түрлөрү жана элдик оюндар өткөрүлгөн. Ал эми быйылкы тарых жана маданият жылында көңүл буруп койсо ашыкча болмок эмес.

— Районубузда Ормонхан гүл багы ачылып, ага дарбаза салууга сынак жарыяланды. Анын таржымалына токтоло кетсеңиз?

— 2012-жылы 17-августа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №413-б буйругунун негизинде Ормонхандын 220 жылдык маарексин өткөрүү боюнча иш чара кабыл алынган.Ошол буйрукту ишке ашыруу максатында 24-апрель 3013-жылы Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин олтуруму Ормонхандын 220 жылдыгын уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары Ишенбек Садыковдун маалыматын угуп токтом кабыл алып, райондо да бир катар иш чаралар кабыл алынды. Иш чараны аткаруу боюнча ошол кездеги аким Ж.Шералиевдин төрагалыгында жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйынынын төрагасы Таалай Курткаев, райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын начальниги Жолдошбек Азаркулов, Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев орун басарлары , райондук мекеме жетекчилери мүчө болгон комиссиянын курамы түзүлгөн. Кабыл алынган иш чаралардын бири «Ормонхан» гүл бакчасынын айланасын тосуу, кире беришине көрктүү дарбаза орнотуу боюнча аткаруу иштери каралган. Кыргыз мамлекетүүлүгүн курууга жана чыңдоого зор салымын кошкон тарыхый инсан Ормонхандын ысымындагы гүл бакчанын кире беришине дарбаза орнотууга сынак райондук «Эмгек Туусу» газетасына жарыяланды. Сынакка үч долбоор катышып 15-апрель 2015-жылы сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Курамында Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов, райондун башкы архитектору Мисир Абдыкасымов, ардагер Керимбек Шаршенбаев, Ормонхандын урпагы Абдырай Байташов жана башка жети кишиден турган комиссия мүчөлөрү дарбазанын шайкештигин, көрктүүлүгүн, архитектуралык талаптарга жооп бергендигин карап чыктык. Жыйынтыгында Бишкек шаарына курулган Ормонхандын айкелинин авторлошу, скульптор Макеев Садырдын долбоору жактырылып ага 5000 сом, экинчи орунду алган райондук архитектуранын өкүлү Дайыров Эмил 3000сом, үчүнчү оруга Ж.Тойгомбаев атындагы кесипчилик лицейинин мастери Аалы уулу Калыска 2000 сом сыйлык берилип, Макеев Садырдын дарбазасынын сметасы райондук архитектурага берилип, өзү курууга жолдомо алган. Бирок, долбоордун өзүнүн проектилик сметасы 250 миң, жалпы өзүнүн турпаты 2миллион 400 миң сом болгондуктан экинчи долбоор тандалып алынды. Анын жалпы наркы 1миллион 400 миңди түзүп, акимчилик менен макулдашуунун аркасында суу курулуш акционердик коомунун жетекчиси Термечиков Сардар курулуш ишин 800 миң сомго бүткөрүүгө макул болгон.

— Ормонхан гүл багынын курулушун ким жетектейт. Курулушка каражатты кайдан таптыңыздар?

— Ормонхан гүл бакчасына арка жазатуу боюнча комиссиянын башында аким өзү турат. Мурдагы аким Жылдызбек Шералиевдин учурунда 2013-жылы райадминистациянын бухгалтеринин алдында ОАО «РСК» Банкта атайын эсеп ачылган. Айыл өкмөттөрү, мекеме жетекчилери демөөрчү болуп салымдарын кошушкан. Акчалар курулушту мойнуна алган Термечиков Сардарга которулуп берилип иш жүрүп жатат. 500 миң сомго чейинки акча жумшалды. Азыр курулуштун сексен пайызы бүтүп калды. Мурдагы акимдер Жылдызбек Шералиев, Нурбек Жусупбеков да жакшы аракет кылышты. Азыр райондук мамлкеттик администрациянын башчысы аким Нурлан Керимкулов өзү жетекчиликке алган. .Буюрса 31-августта мамлектибиздин эгемендүүлүгүнө чейин бүткөрүлөт деген ойдомун.

— Ормонхан гүлбакчасынын келечеги кандай болот. Аны ким көзөмөлдөйт?

— Ормонхандын паркын ачуу демилгеси токсонунчу жылдардын аягында көтөрүлүп Көбөгөн-Сай тараптан жер берилип, бактар олтургузулуп райондук токой чарбасынын карамагына өткөрүлүп берилген. Гүл бакчаны бүгүнкү күнгө чейин карап багып келген райондук токой чарбасынын жетекчиси Кубан Осмоналиевге, кароолчусу Өмүш карыяга ырахмат дешибиз керек. Азыр теректер, бак дарактар бой тиреп парк болууга жарап калды. Азыркы күндө гүлбакча Кочкор айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөтү мындан ары өзү көзөмөлдөп иш жүргүзүп жатат.

Келечекте парктын кире беришине коюлган арканын тегерегине брусчатка төшөө, тартипке келтирүү,троутарларга кызыл кум төктүрүп,тегиздетип, гүлдөрдү олтургузуп, фонтандарды коюп, айланасын темир тор менен тостуруу, түнкү жарыктарды койдуруу сыяктуу иштер ди аткарсак дейбиз. Ал жерге эс алуу жайын уюштуруп, орундуктарды орнотуп элге кызмат кылуучу жайга айландырсак деген оюбуз бар.

— Ал үчүн көп каражат талап кылынат эмеспи?

— Жакында райондук администрациясында жыйын өтүп Бишкектеги Кочкор коомунун өкүлдөрү катышып, Дүйшөн Ирсалиев өзү жетектеп парктын тротуарларына жардам берүүнү колго алмай болду. Келечекте ичине адамдар эс алуучу селкинчектер орнотулуп, тарых жана маданият жылына карата бүткөрсөк деп турабыз.

— Акыркы суроом сиз Ормонхандын урпагынанмын дедиңиз, өзүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ормонхандын Үмөталы, Чаргын, Аалы, Үсөн, Сейилкан, Бакай деген алты уулу болгон. Мен Үмөталы деген уулунан болом. Үмөталы орус оторчулугуна каршы күрөшкөн.Теңир-Тоонун чөлкөмүн каратып алууга Оруссия империясынын төбөлдөрү кызыгышкан. 1863-жылы генштабдын капитаны Проценко Жумгалды ээлеп, Соң-Көл аркылуу Куртка чебине жүрүш кылат. Май айынын аягында Проценконун отряды согушсуз эле Куртка чебин багындырат.Орус кошуунуна Үмөталы Ормон уулу, Осмон датка Тайлак уулу баш болгон Кыргыздар каршы турушуп, 19-июнда Эки-Чат деген жерде капитан Зубареевдин кошуунуна кол салышат. Аларды эки күндөн кийин Проценконун кошууну куткарган. Зубарев баш болгон жети солдат жарадар болгон. Үмөтаалынын 2-3 миң жигиттен турган колу Нарын дарыясындагы көпүрөнү бузуп ташташкан. Кыргыздардын каттуу каршылыгы Проценкону чегинүүгө аргасыз кылган.1867-жылы полковник Полторацкий кайрадан аскердик жүрүш жасап, Кара-Кужурдан тартып, Ак-Сай, Чатыр-Көлгө чейинки аймакта 5-6 миң түтүн эли менен көчүп жүргөн Үмөталы орус бийлигине аргасыз багынып берген. Бул мезгилге чейин ал ачык каршылык көрсөтүп багынбай турган. Орус бийлигинин оторчулук саясатына каршы чыккан Үмөтаалынын ысмы да тарыхтан өз ордун табышы керек…

-Маегиңизге ыракмат. Ойлогон ойлоруңуз ишке ашсын.

М. Деркембаев

Сагымбайдын ата теги
Быйылкы жылы Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген Саяк уруусунан, мойнок тукумунун ичинде Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен айылдаш жашаган Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, Манасчынын уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу көп уктум. Алардын айткандарын 1989-1990-жылдары “Эмгек Туусу”, “Ала- Тоо таңы” сыяктуу гезиттерге жарыялагамын. Эмгек Туусу гезитинин 1990-жылы 24-марттагы санына жарык көргөн «Сагымбай залкар адам болгон» деген макалам Кыргыз Улуттук Илимдер акедемиясы тарабынан түзүлгөн « Сагымбай энциклопедиясы» китебине киргизилиптир.
…Жоокерлик заманда Суусамырдан Күрүчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын, жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: -“ Бул жерде тынч жүрө албайсың. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!”-дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери моңолдордон чыккан Сары Токтор менен Миңназарды Кокон ханына жиберип керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да үйлөп, үн чыгара алышпайт. Орозой үйлөгөндө кернейден үн чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: -атың ким? –деп сурайт. –“Акеше” –дегенде,-“Атың жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” –деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы болот. Орозой өлгөндө, анын ордуна кернейчи табылбайт. Иниси тартаар деп Орозбактыны алдырып, ал агасынан да мыкты тартып, сурнай менен коштогондутан Ормондун жан жигитине айланат. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таанып аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен өлүп, бирөө дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасчы менен чогуу жүрүп калган Бек,Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы жеңишке алып барган согуштук ыкмаларды ( Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет.Бул тууралуу Шарше ( Бабай), Жамангул деген аксакалдардан угуп, 1992-жылы жазып алгамын. Санжырачылардын айтуусунда Ормон жогорудагы “опузаны” ( согуштук тактиканы) жетиген уруусунан чыккан Медербектин акылы менен жасаган деп айтылат. Демек, Ормонхан Медербек, Орозбакты сыяктуу акыл кошчулары менен биргелешип Кененсарыны жеңүүнүн айласын тапкан болуу керек.
Сагынбай залкар
Орозбактыдан Алишер , Байдөөлөт, Сагынбай жана дагы бир кыз. ( Сагынбай Орозбактынын үчүнчү баласы). Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн. ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Сары-Ойдо туулган). Албетте бул маалымат Сагынбай 1930-жылы өлөөрүндө «мен быйыл 63 жаштамын» дегендиктен ал жылдан 63 жылды алып салуу менен чыккан эсеп. Кыргыздар баланын курсагындагы тогуз айлыгын кошуп эсептегенин эске алып, бүгүнкү эсепке туураласак Манасчы 1868-жылы төрөлүп, алтымыш эки жашында өлгөн болуп эсептелет. Демек жазма булактардагы маалыматты кайра тактоо зарыл. Ошондой эле залкардын уулу Жамангулдун айтуусу боюнча ысмы Сагымбай эмес «Сагынбай» деп жазылышы керек. Себеби Орозбакты туулган жери Кызартты сагынгандан “Сагынбай” коюлган. Кыргыз тилинде “н” тыбышы айтылганда же угулганда “м” га айланып калганын да эске алуу зарыл. Ошондуктан мындан ары “Сагынбай” деп жазсак туура жазган болобуз.
1872 -жылы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда 80 жаш курагында кайтыш болот. Энеси да ушул жылы өлүп, Сагынбай агасы Алишердин кароосунда чоңойот. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Алишер Манас айта калып жүргөндүктөн андан таалим алган. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип Манас айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген.
1881-жылы Россия менен Кытай империяларынын чек араларын тактоо боюнча жүргүзүлгөн Санкт –Петербург келишимине ылайык орустар Кулжа аймагын кытайга өткөрүп берет. Ал жактагы Текестик бугуларды, Арык тукум уруусун, саяктардын айрым бөлүктөрүн Ысык-Көлгө көчүргөн. 1882-жылы орус администациясынын буйругу менен сарбагыш айылдары Көлдүн күңгөйүнөн Кочкорго көчүрүлөт. Бул учурда Сагынбай 15 жашта болуп, жеринен көчкөндө зарлап кошок кошкон. Ал кошок «Сагынбайдын зары» аталып эл ичине кеңири тараган. Ал көчүп баратканда:
-Ырыстуу кайран Ысык-Көл,
Илгертен өскөн биздин эл.
Көзүмдү ачып көргөн жер,
Айдаган малым өнгөн жер.
Жайлооң ай, төрүң ай,
Токойуң ай, талың ай. Коёну койдой жайнаган, Адырда аркар маараган. Үңкүрдө үкү талпынган, Көлдө бака чардаган,
Жардысы байдай байыган,
Аңчылар аңын уулаган.
Койчулар коюн жактаган,
Кодочу балык кактаган.
Балдары чилин уулаган,
Чабагы көлдө ыргыштап.
Улары зоодо үндөгөн,
Бөктөрдөн түлкү булактап.
Кичинемден көнгөн жер,
Аштыгын кумдай көмгөн жер.
Жайнап жаткан көлүң ай, Толкундаган шарың ай деп ар бир жерди сүрөттөп кошок кошот.
Кочкорго келип Кара-Саз аймагына агасы Алишер болуп, үй тигип үй бүлөсү менен катуу оорушат . Чечектен кыйналып жөөлүп жатканда уйку соонун ортосунда дүбүрт чыгат. Алишер, Сагынбайлар «Арык тукуму келип айылга чабуул коюп жатабы» деп ойлошот. Ошол мезгилдерде жаңы көчүп келген Сарбагыштардан Арык тукуму уруусу, мал алып жаткан кези экен. Бирок дүбүрт Арык тукуму эмес эле Манастын колу экенин көргөн Алишер менен Сагынбай аң-таң болушат. Алар манас айтууну буюруп, убадаларын алган. Ошентип экөө тең Манас айта баштайт.Алишер Семетейдин Айчүрөккө бараткан жерин кыйын айтчу дешет. Кийин Сагынбай озуп айта баштаганда Алишер “Манасчылыкты сага бердим” деп токтотуп койгон дешет. Алар Кочкордо эки жыл туруп Чүйгө көчүп кетип, ал жакта он чакты жыл жашаган. Сагынбайдын тайлары Ат-Башылык азыктар болгондуктан, Келдибек манасчыга жакын жээн болгон. Келдибек манасчы чүйгө барганда аны ээрчип таалим алган. Сагынбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:
-Сенин атаң Орозбак,
Сурнай тартып боздоткон.
Үнү мукам чыксын деп,
Керней менен коштоткон.
Ормон хандын буйругун,
Аткарып келди карганча.
Арыдым талдым дебестен,
Бир топ жашка барганча.
Сурнайы менен Орозбак,
Жан сактады кор болбой,
Аркасы менен Ормондун,
Эркин жашоо өткөрдү
Баскан жолу торолбой.
Эми балам Сагымбай,
Манасты терең билип ал,
Акыл насаат мен айткан,
Көңүлүңө түйүп ал –деп кеңешин айткан. Ал Сагынбайга «Манасты» айттырып көрүп, «обондон жетише элек экенсиң» деп обон менен кол шилтөө сыяктуу кыймыл аракеттерди үйрөтөт. Ошентип белгилүү манасчынын таалимин алып он алты жашында чоң манасчы атыгат.
1916-жылы үркүндө кытайга качып барып, ал жакта да Манас айтып, оокат кылшкан. Алишер экөө 1917-жылы Ат- Башыдагы тайларына барып жан сакташат. Алар үркпөй калышкан. Ошол жылы август айында Ат-Башыдан агасы Алишер 55 жашында кайтыш болот. Залкар манасчы Сагынбай Орозбаков башында айтканыбыздай жеке эле манас айтпастан чоң ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагынбайдын зары”, “Отоо чөпкө арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бүгүнкү күндө архивте сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. Ошону менен бирге Сагынбай манасчы «Алтын Көкүл», «Эр Төштүк», «Абай менен Күбөйдүн чатагы», «Алтын сакал Айкожо», «Катагындын Кан Кошойунун эрдиктери», «Торгой менен Жылаан», «Санат ырларын», «Кыз узатуу» сыяктуу чыгармаларды аткарып элдин көңүлүн көтөргөн. 1988-жылдары Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан «Сагынбайдын жарамазанын» жазып алган элем. Тилекке каршы жазма дептеримди таппай калдым.. Улуу манасчыны көрүп жүргөн Кара- Күңгөй айылынын тургуну Сыдыбаев Керим аксакал менен көп маектештим. Ал мындай деп эскерет:
– “Сагынбай “Манастан көрө Семетейге жакынмын”-деп айтчу эле.Бирок, тилекке каршы анын Семетей, Сейтек бөлүмдөрү жазылбай элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” -деп бир топ ырларын айтып берген. Ошондон баян этели:
Алгыр болсо тайганың,
Алтындан чаап каргы так.
Алалбаса тайганың,
Айлансын аштан башка чап.
Күмүш ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Күмүшүн алып отко жак.
Күйүшөөр тууган болбосо,
Күлө багып жатка жак.
Алтын ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Алтынын алып отко жак.
Ага-иниң жаман болгон соң,
Арсаңдап күлүп жатка жак.
Сагынбайдын ырынан насаат сөздөр билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени көрүнүп турат.Сагынбай Манасты кандай айтса ырды да ошондой эле нөшөөр төккөндөй сабалатып жиберчү экен.Ал көбүнчө насаат сөз түрүндө айтчу дешет.
Аргымак аттын жакшысы,
Азыраак оттоп көп жуушайт.
Азамат эрдин жакшысы,
Азыраак сүйлөп көп тыңшайт же болбосо:
Сыймык деген эмине?
Сен сылык болгун деги эле.
Сыймык сынган чегедек,
Ал сынса да кирбейт эбине.
Дөөлөт деген бир байлык,
Дөөрүп сүйлөйт наадандык.
Акылмандын бир сөзү,
Айткан сайын бир тайлык.
Манасчынын айткан бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адамдарды адептүүлүккө, сыйчылдыкка үгүттөйт.
Күркүрөгөн кара нар,
Күчү пилге барабар.
Соно соолуп караса,
Сопсубу болуп тартылаар.
Зуулдап учкан ак шумкар,
Ал тоодакты тоют көрбөгөн.
Колго тъшъп кор болсо,
Ал таранчыга талпынаар.
Керим аксакал Сагынбай Манастан башка ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын да жакшы айткандыгын белгилейт.Ал:
-Үч жүздү үйрүп бүт билип,
Жалайыр чыккан Жаныштан.
Оңду-солду башкарып,
Жанкорооз чыккан Багыштан, деп санжыраны жорго сөз менен айткан.
Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Түрктөн баштап, Урузкан, Байгур, Алачтан өз дооруна чейин тараткан.Дин, шариятты да жакшы билгендиктен Манас айтканда санжыраны, динди кошуп, төгүлтүп айта берээр эле. Анысын байкаган Тыныбек манасчы да таалим берип «Манасты кошумча кошпой таза айт» деп эскерткен экен. Сагынбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган.Ошондуктан Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” –деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын оозу шок- деп андан жалтанып, сыйлап турушкан.Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек,Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды “Сагымбай чакырды” деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан…
…1922- 26 –жылдары Ыбырай Абдырахманов Манасты Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган.Жазуу иштери жүрүп жатканда Манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек бөлүмдөрү кагазга түшпөдү. Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык,Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны көргөндөр.1929-жылдары айылдык активтер Манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан аны төлөп турган.Аны “эки аял алгансың, бай- манаптын ырчысысың” деген жөнү-жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып,Тору-Айгырдагы көл жээгинде токой арасында боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз тыңып, Манасты аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт.Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет.Ошентип 1930- жылы май айында залкар Манасчы дүйнө салып,Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп чоң коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок.
1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап,Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал учаскасына күмбөз тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык деңгээлде белгиленди.Ошондон бери Манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр –Жалдагы күмбөзгө зыярат кылышып, сөөгү жаткан өз коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги өзүнүн коргонуна барчу жолду оңдоп,коргон,бейиттинин тегерегин гүлзарга айландырып, турисстер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак башка элге уят болобуз.Ошону менен бирге Манасчынын архивтеги ырлары китеп болуп окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле.
Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.
Кочкор району, Кара-Күңгөй айылы.