Уюштуруу иштери секторунун башчысы

АБЛЕСОВ Эсенказы Аблесович

1961-жылдын 22-октябрында туулган.

1985-жылы К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын 3-класстагы инспектору

 

Эмгек жолу:

1985 – 1995                Кочкор районундагы  Тендик совхозунун ветеринардык врачы

1995 – 1998                Кочкор районундагы  Тендик совхозунун башкы ветеринардык врачы

1998 – 2009                Кочкор районундук айыл чарба департаментинин башкы адиси

2009-жылдан             Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын сектор башчысы

 

Байланыш телефону (03535) 50256, (0773) 304045

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.

Райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, айылдык Кеңештердин ишин уюштуруу менен айыл өкмөттөрдүн иштерине жалпы көзөмөлдүктү жүргүзөт. Сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча райондун атуулдарынын, уюмдарынын жана мекемелеринин кайрылууларын, каттарын жана арыз-даттанууларын карайт.

Райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын өз убагында, сапаттуу өткөрүлүшүнө көзөмөлдүк кылат. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы этика, аттестациялык-конкурстук, сыйлыктар боюнча комиссияларына тиешелүү материалдарды топтойт, аларды отурумдарын даярдап өткөрүү боюнча иш жүргүзөт.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын айыл аймактарындагы айыл тургундары менен болгон жолугушуусун жана райондун аймагындагы көрктөндүрүү-жашылдандыруу, ишембиликтерди өткөрүү иштерин уюштурат, жолугушуудан айтылган сын-сунуштардын негизинде иш чара түзүп аткарылышын көзөмөлдөйт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин эмгек өргүүлөрүн, кызматтык иш сапарларын каттоого алат. Администрациянын ченемдик-укуктук актыларынын массалык маалымат каражаттарына өз убагында жарыяланышына жооп берет. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн маданий-массалык иш чараларга жетекчилик кылат.