Аппарат жетекчиси

 

КАТАГАНОВ Маматкул Мукаевич

1981-жылдын 4-августунда туулган.

2004-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган.

Мамлекеттин кызматтын кенже инспектору.

 

 

                                                   Эмгек жолу:

1999 – 2007               Кочкор райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунда айдоочу

2008 – 2009               Кочкор райондук паспорттук-визалык каттоо иштер бөлүмүнүн адиси

2009 – 2011               Дыйкан чарба мүчөсү

2011 – 2018               Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси

 

2018-жылдан            Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси

 

Байланыш телефону:   (03535) 50390, (0705) 151503

 

Негизги функционалдык милдеттери

Өз ишинде Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарын жана токтомдорун жетекчиликке алат.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында иштеген жооптуу кызматкерлердин иштерин жетектейт жана уюштурат, алардын кызматка жоопкерчиликтүү мамиле жасашын, тапшырылган жана түзүлгөн иш пландарга ылайык иштерди так, өз убагында аткаруусун көзөмөлгө алат жана иштин жыйынтыгын талап кылат. Райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратында жумушчу атмосфера үчүн жоопкерчилик тартат. «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын сакталышына көзөмөлдүк кылат. Мамлекеттик кызматчыларды өз убагында аттестациялоодон өткөрүүнү жана квалификациясын жогорулатууну, стажировкадан өткөрүүнү уюштурат.
Администрациянын коллегиясынын отурумунда каралуучу маселелердин пландарын жетекчилик менен макулдашып, бекиттирет жана ага ылайык коллегиянын өз убагында талапка ылайык өтүшүн камсыздайт. Жогорку бийлик органдарынан келген Указ, токтом, буйрук, каттарды жана жарандардан түшкөн арыз-даттануулардын, кайрылуулардын өз убагында аткарылып, жооп берилип турушуна көзөмөл жүргүзөт жана аны администрациянын жооптуу кызматкерлеринен, мекеме-ишкана жетекчилеринен, айылдык өкмөт башчыларынан талап кылат. Кызмат абалы акимдин макулдугу менен чечилүүчү жетекчилер үчүн тиешелүү дайындоо, бошотуу боюнча сунуштарды даярдайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик мекемелеринде түзүлгөн ваканттык бош орундар үчүн өткөрүлгөн конкурстарга катышат.
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын этика, аттестациялык-конкурстук жана сыйлыктар боюнча комиссиялардын ишин жетектейт. Кочкор районунун айыл аймактарынын айылдык Кеңештеринин кошмо жыйналыштарынын ишин координациялайт. Жергиликтүү шайлоо, референдумдарды өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтөт.