
2019-жылдын 31-декабрына карата Кочкор району боюнча сметалык наркы 24 миллион 570 миң 587 сомдук 8 (сегиз) долбоор Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн. Бул долбоорлор бүгүнкү күндө курамы 9 адамдан турган райондук комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Комиссиянын курамын өкмөттүк эмес уюмдардан 5 адам, мамлекеттик органдардан 4 кызматкер түзөт. Долбоорлор негизинен ичүүчү таза суу системасын, административдик имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүүгө, кичи футболдук спорт аянтчасын курууга жазылган.