Райондо ийгиликтер жаралууда

Кочкор районунда район боюнча бардык тармактарда социалдык-экономикалык өсүштөр камсыз кылынып, текстиль өндүрүшү 43 эсеге өстү. Калкка акы алып кызмат көрсөтүү 100,4 пайызга аткарылган. Бардык каналдар боюнча чекене соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 109,1 пайызга аткарылды. Салыктын жыйымдарды чогултууда район боюнча 50 миллион 661,9 миң сом чогултулуп, план 115,6 пайызга аткарылды. Ошондой эле бир катар мектептердин курулушу жүрүп жатат. Алып айтсак, Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылындагы Кайыпбек Темиров атындагы,Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылындагы Сагындык Өмүрбаев атындагы мектептеринин курулуштары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле аз -аздан курулуштарын жүргүзүп жаткан обьектилердин катарына райондук архитектуранын 2 кабаттуу офиси, Кара-Тоо айылындагы спорт сарайдын курулуштары кирет. Мындан сырткары Кочкор айылындагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясы нда “Жер үй” кенинен түшкөн каражаттан капиталдык оңдоо иштери жүргүзулдү.
Айыл чарбасында да жакшы ийгиликтер жаралууда. Тоют топтоо убагында 485 ар кандай маркадагы тракторлор иштетилүүдө.