Кум-Дөбөдөгү өрүкзар

Жеке ишкер Асанбеков Болоттун Кум-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Булуң деген жердеги 25 гектар суу барбаган жерге төрт миң түп абрикос тиккен. Ал алгач адистерден консултация алып, жердин кыртышын, климаттык шарттын изилдетип чыгып, улуксаат алган. Быйылкы жылы олтургузулган 4000 түп өрүктүн көчөттөрүн суу ташуучу машина менен сугарган. Азыр көчөттөр 70 см бийиктикке жетти. Алгачкы түшүмдү 2018-жылы бере баштамакчы. Жеке ишкер Асанбеков Болот – “Бул жердин 60 гектар жерине эмдиги жылы да өрүк көчөттөрү олтургузулмакчы”-дейт.Жакында бул келечектеги өрүкзарда облус жетекчиси Аманбай Кайыпов келип, жеке ишкердин эмгегине жана пейилине ыраазы болуп кетти.
DSC00336