Кыш даярдыгы кандай

Элибизде “Кыш камын жайда көр” деген сөз бар. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов бюджеттик мекемелерге район боюнча 2270 миң тонна көмүр, жалпы район боюнча 6500 тонна көмүр керектелээрин билдирди. Мекеме ишканаларга көмүр түшүрүлүп жатат. Азыркы учурда райондун борборунда эки көмүр кампасы, айыл өкмөттөрүндө да кампалар ачылган. Айта турган болсок 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун 12.05.2016-жылдагы № 126 б буйругу чыккан. Аны аткарууга алуу үчүн Райондук мамлекеттик администрациясынын 30. 05. 2016-жылы № 92 Б буйругу чыгарылып, курамы 13 адамдан турган райондук штаб түзүлүп, кышка даярдык боюнча иш чаралар бекитилди. Тактап айтканда быйылкы жылы билим берүү тармагына 2115,0, саламаттыкты сактоо тармагына 195,0 тонна, маданият тармагына 90,0, ал эми №15 кесипчилик лицейине 25,6 тонна, райондун калккына 3850,0 тонна көмңр керектелээри белгилүү болду. Алсак быйыл “Пандж-Шер” жоопкерчилиги чектелген коому жалгыз Кош-Дөб айыл өкмөтү менен келишим түзгөн. Ал эми “Бизнес С и А” ЖЧК сы Ак-Кыя, Соң-Көл айыл өкмөттөрү менен “Авен груп” ЖЧКсы жалгыз Кум-Дөбө айыл өкмөтү менен келишим түзүштү.Калган айыл өкмөттөрү » Ак-Жол» көмүр ишканасы менен түзүп, көмүрлөр тартылууда.