Дыйкандар алган түшүмүнө ыраазы болууда.

Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов Кочкор районундагы күзгү оруп жыюуу өнөктүгү менен да таанышып айдоо аянтарында болуп, иштин кандай нукта жүрүп жатканына кызыкты. Дыйкандар быйылкы жыл берекелүү болгонун айтышып 20-24 центнерден түшүм алып жатканын айтышты. Ал эми Орток айылынын тургуну Сагынбек Ашкеев 18 гектар жерди арендага алып арпа айдаган. Арпанын “Гелиос” сортун район башчылары менен бирдикте Ысык- Көл облусунан алып келип сепкен. Учурда биринчи түшүмүн берип жатат. Буюрса баш алышы жакшы экени көрүнүп турат. Буюрса 45-50 центнерден түшүм алам деди баба дыйкан. Негизинен арпанын “Гелиос” сорту Кочкор өөрөнүнө ылайык экени көрүнүп турат. Сагынбек Ашкеев “буюрса кооператив түзүүгө аракет кылмакчымын” –деген оюн билдирди.