Аманбай Кайыпов «Мектептер сапаттуу курулсун»

Кыргыз Републикасыны өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун Талаа-Булак айыл аймагында иш сапары менен болуп Комсомол айылындагы 225 орундуу Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебинин курулушунун жүрүшүнө кызыкты. Мектептин курулушун каржылоо республикалык бюджеттен “Жерүй” ишканасынан түшкөн каражаттын эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулушка улуксаатты Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы ( жетекчиси Мисир Абдыкасымов) тарабынан алган. Азыркы учурда тендерден жеңип алган “ЭМГ СТРОЙ” жоопкерчилиги чектелген ишканасы республикалык бюджеттен аласа экенине карабастан курулуштун жер пайын толугу менен бүтүрүп, он беш миллион сомдук иш аткарылган. Аманбай Кайыпов курулуш ишиндеги айрым кемчиликтерди оңдоого көрсөтмө берди. Ошондой элк кемчиликтер кетпеси үчүн курулуш башкармалыгы менен жергиликтүү бийликтен куралган комиссия бардык курулуп жаткан мектептерди, бала бакчаларды текшерип чыгуу керектигин айтты.