Көк-Жарлык жаштардын жакшынакай иштери

DSC01564DSC01551Кочкор районундагы Көк-Жар  айылында айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Сабыржанов  менен  жаштардын биргелешкен демилгеси менен көптөгөн жакшы иштер бүткөрүлүүдө. Буга Өкмөттүн Нарын облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Кочкор районунда болгон иш сапарында күбө болду. Алгач Облус башчысы айыл өкмөтүнүн кеңсесинде болуп, кызматкерлердин бөлмөлөрүндө  болуп алар менен баарлашты. Айыл өкмөтүнүн кеңсеси ремонттон өтүп, кызматкерлердин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлгөнү көрүнүп турат. Аманбай Кайыпов айыл аймагынын соц кызматкери Назгүл Жумакадырованын иш бөлмөсүнө киргенде  айылдагы жөлөк пул алуучулардын санына,  аз камсыз үй бүлөлөрдүн балдары  мектепке барып жатканына  кызыкты. Жылдызбек Сабыржанов Назгүл Жумакадырова райондогу мыкты соц кызматкер экенин белгилеп кетти.  Көк-Жар айылынын жаштары 2 млн 700 миң сомго футбол аянтчасын куруу ишин баштап, 200 миң сомдон ашык каражатты өздүк салым катары кошушкан. Жаштардын өкүлү Шейшенбеков Максат –“ Бардык иш айыл өкмөтүнө жараша болот экен. Жылдызбек байке бизди чакырып “биргеликте иштешели” –деген сунушун айткан. Жаштар колдоого алып бигелешип көптөгөн иштерди алып баруудабыз”- деди. Айыл өкмөтү тарабынан берилген бир гектар жер аянтына футбол аянчасынан сырткары, волейбол аянтчасы, бокс залы сыяктуу ден соолукту чыңдоочу спорт комплексси курумакчы. Аким Нурлан Керимкулов  “Бул жерге ысык суусу бар  душ жасоо сунушун айтты. Анткени жаштар көбүнчө кышыксын футбол ойнойт. Ошондо тердеген кезде жуунуп кетишкени оң эмеспи деди аким. Негизинен райондо алгылыктуу иштер жүрүп жатканына ынанганын Аманбай  Кайыпов  жашырган жок…