Семиз-Бел айыл аймагы алдыга секирик жасоодо

DSC01534DSC01532Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов Кочкор районундагы иш сапарында Семиз-Бел аймагында болуп Кара-Тоо айылындагы кичи футболь аянты жана жергиликтүү  бюджеттин эсебинен салынып жаткан наркы 15 миллион сомдук маданий-спорт жайынын курулушу менен таанышты.Аманбай Кайыпов  Тоолу Нарын облусундагы дотацияда турган  айыл  өкмөтөрүндө жергиликтүү  бюджетке курулуш куруу чанда кезигээрин белгиледи.  Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Эмилбек Моңкоев  айыл өкмөтүндөгү арткан каражатты майдалабай орчундуу ишке салып атканы  мактоого татырлык.Учурда айылдын борбордук көчөсү да асфалталууда. Бүгүнкү күндө аталган айыл аймакта 5,5 км жолдор асфальталып жатат. Чекилдек айылындагы К. Темиров атындагы 150 орундуу мектептин курулушун “Имарат Прогресс” жоопкерчилиги чектелген ишканасы курууда.  Курулуш ишкансы республикалык бюджеттен аласа экенине карабастан, өз каражатынын эсебинен мектептин курулушун аяктап жатат. Негизинен Семиз-Бел айыл аймагында ФАП, Бала бакча салынып жакшы иштер жүрүп жатканына  облус башчысы күбө болду..