«Эвитстрой» эбин тапканбы

DSC01513DSC01509DSC01510Кыргыз  Републикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай  Кайыпов  Кочкор районундагы  Исаккеев айылындагы С. Исмаилов атындагы орто мектебинде болуп билим берүүнүн сапаты, мектептеги  жайкы  оңдоо  иштери жана  кышка даярдыктар менен  таанышып чыкты. Мектепте ремонт иштери жүрүп, тегереги таза иреттүү  бардык   экенин көргөндө мектептин  директору  Эшмукамбет  Кадыркуловго  ыраазычылык билдирди. Ал эми Нинакан Жүндүбаева атындагы  Кара-Коо мектеп-гимназиясына   капиталдык оңдоо үчүн Жер-Үйдүн эсебинен 16 миллион сом каралган.  Мектептин директору Өмүрбек Бейшенбаев:  — Мектептин ремонтун “Эвитстрой” жоопкерчилиги чектелген  ишканасы он бир миллион сомго жасап беребиз деп тендерде утуп алган. Мектепти жарым-жартылай оңдоп, “бөлүнгөн акчаны иштетип бүттүк” деп кетип калган. Мектептин мурдагы эшик терезелерин жүктөп алып кетээрде аким Нурлан Керимкуловдун аракети менен алып калдык”-деп түшүндүрдү. Мектептин жарымы капиталдык ремонттон өтсө да, жарымынын сырты шыбалбай турат. Бул көйгөй боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы курулуш департементине билдирилген. Биок, жыйынтык чыккан эмес.   Облус жетекчиси  Аманбай Кайыпов бул ишти тыкыр текшерип чыгууну облустук башкы куруучуга телефон аркылуу тапшырды. Эми райондук бийлик менен бирге, облустук капиталдык курулуш башкармалыгы биргеликте мектептин капиталдык ремонтуна жумшалган каражатты эсептеп чыкмакчы. Райондун акими Нурлан Керимкулов  -“Керек болсо  атайын комиссия түзүп кошуп беребиз”- деген оюн билдирди.