Кеңеш насостук станциясы оңолууда

Кыргыз Републикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ( 21.09.2016 ) Кочкор районунда иш сапары менен болуп, мектептердин кышка даярдыгы, жана курулуп жаткан обьектилердин, күзгү оруп жыюуудагы дыйкандардын абалы менен таанышты. Аны райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов, орун басары Нурлан Эшмукамбет уулу коштоп жүрүштү. Алгач Исакеев айылындагы 1976-жылы курулган “ Кеңеш” нассостук станциясында болду. Аким Нурлан Керимкуловдун айтуусунда –“ Кочкор районунда жалпысынан 30миң 83 гектар айдоо аянтынын , 2200 гектары Кеңеш нассостук станциясы аркылуу сугарылат”. Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Мелис Абакиров “ насостук станциясынын суу өтүүчү түтүктөр чирип, Өкмөт тарабынан берилген 200 метр сугат түтүктөрү алмаштырылып жатканын айтты. Аманбай Кайыпов Өкмөттөн дагы 200 ( Эки жүз) метр труба сураш үчүн, кат жолдоо керектигин, тез арада УОС ко , Акимчилик менен бирдикте кат даярдоону тапшырды. Айта кетсек райондогу жети насостук станциянын бардыгына ремонт керек. Кеңеш насостук станциясына курулгандан бери оңдоо иштери жүрбөгөндүктөн 400 ( төрт жүз) метр суу түтүктөрү чирип алмаштыруу зарылылыгы келип чыккан. Өкмөт тарабынан жазында 200 метр труба берилип, анын жүз метри жазында коюлган. Азыр жүз метр суу түтүгү орнотулуп, чиригендери алынууда. Кыргыз Републикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жүргүзүлүп жаткан ишке ыраазы экендигин жашырган жок.