Жаштар борбору ачылды

Жаштар мамлекеттин бүтүндүгү жана келечеги экени барыбызга белгилүү. Андыктан жаштардын иш  алып баруусуна көңүл бөлүнүш керек. Жакында  Кочкордогу Тазалык ишканасынын имаратында Кочкор айыл аймагынын жаштар борборунун ачылуу аземи болуп өттү.  Ага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Касен Азизов , Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып сөз сүйлөшүп, кызыл тасмасын кесишти. Жаштар борбору буга чейин ар кайсы имаратта баш калкалап келсе  Тазалык ишканасынын  жетекчиси Бегайым Сыдыкжановна төрт жылга акысыз бөлмө берген.  Негизинен эле Кочкор районунун жаштары кийинки мезгилде алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Кочкор жаштар кеңеши коомдук бирикмеси 2014-жылы уюшулуп, аны Мирбек Асанбаев жетектеп келе жатат. Ошол жылдан баштап Германия эл аралык кызматташтык коомунун “Жаштар үчүн жаркын келечек”  долбооруна катышып, аталган уюмдун жаш лидерлик окуусунанан  жаштардын бир мүчөсү  окуп, сертификат алууга жетишет. Азыркы тапта Кочкор жаштар кеңешинин мүчөсү Самат Үркүнчиев “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоору менен иш жүргүзүүдө.  Жаштарды Германия эл аралык кызматташтык уюмунун “Жайзет” долбоору  өткөн жылы 220 миң сомдук оргтехника менен камсыздаган. Өткөн жылы Эмгек миграция жана жаштар министрлигинен да эмеректер берилген. Жаштардын уюмун Кочкор районунун жергиликтүү кещештеринин кошмо жыйынынын төрагасы Курткаев Таалайбек Исмаилович  колдоого алып  ноутбук алып берип,  борбордун имаратын оңдоого да каражат бөлүп берген.

Кочкор Жаштар  кеңеши уюму Республикалы деңгээлде өткөн Ош, Баткен облусундагы форумдарга катышып, бир катар стратегиялык  иш пландарды чогуу иштеп чыгышкан. Андан сырткары ЮНИСЕФ эл аралык уюмуна  пилоттук долбоор катары мүчө болууга жетишти. Бул уюмга  Ишенаалы Арабаевдин мектеп окуучулары долбоор жазып, 30 миң сом өлчөмүндөгү  акча каражатына жөө туризмди өнүктүрүү үчүн палаткаларга ээ болушту.  Жаңы ачылып жаткан жаштар борборун ачууга  Имарат строй курулуш компаниясынын директору Бейшенбек  Иманалиев,  “Замандаш”  ассоцациясынын башчысы Майрамбек Жапановдор демөөрчүлүк кылышкан. Анын ачылуу аземинде Бишкек шаарында жашаган Кочкор коому тарабынан “ксеро”  берилип аны райондун акими Нурлан Керимкулов тапшырды.  Жаштар кеңеши коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирбек Асанбай уулунун айтымында жаштар мындан ары Кочкор айылындагы  сейил бакты реконстукциялоо үчүн аракет кылып, эл аралык фонддор менен иш алып бармакчы. Ошону менен бирге жаштар борборунда замандын талабына керектүү компьютердик программаларды окутуу иштери жүргүзүлөт. Жаштар борборунун ачылуу аземине келген мамлекеттик  жана коомдук уюмдар мындан ары кызматташып турушаарын билдирип кайтышты…