Эл өкүлү Кочкорго келди

Жогорку Кеңештин  СДПК фракциясынын депутаты Строкова Евгения Григорьевна Кочкор районуна  келип, бир катар мектептерде болду. Депутат менен кошо Бишкек шаарындагы СДПК нын өкүлү Таалайкүл Табышова, депутаттын жардамчысы Бакыт Бийназаров келип, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Аппарат жетекчиси Кайрат Асанов коштоп жүрдү.  Евгения  өзүн тааныштырганда  Жогорку Кеңеште  « Билим берүү» боюнча комитетти  жетектеп келетканын, кесиби боюнча карапайым мугалим болгондугун  айтты.

Алгач  Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде  болуп  орус тилдүү башталгыч класстардын сабагына катышып, (сабак берүүнү сагынганбы) окуучуларга сабак берди. Мектеп жамаатынан билим берүүдөгү орун алган көйгөйлөр тууралуу сурады. Аталган мектептин директору Бекбосун Шакирбеков менен алдыңкы окуучуларды Жогорку кеңешке саякатка алып баруу боюнча макулдашышты. Жакында Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 9-11-класстарынын 16 окуучу эки мугалимдин коштоосу менен Жогорку Кеңештин иши менен таанышып келмекчи.

Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебине барганда нан, май менен тосуп алганы эл өкүлүн ыраазы кылды. Депутатты Кош-Дөбө айылынын өкмөт башчысы Темирболот Абыкеев,Айылдык Кеңештин төрагасы Алымбек Байташов, айылдык кеңештин депутаттары, СДПК партиясынын мүчөлөрү тосуп алышты. Мектеп жамааты менен жолугушууда мугалимдер мектепте окуу китептери жетишсиз экендигин  билдиришти.  Евгения Строкова « Ата-Энелер комитетинин» иштерине кызыкты. Ата-энелер комитети жана Камкордук тобу боюнча мыйзам иштелип жаткандыгын, эгер кабыл алынса  коомдук  уюм болуп эсептелип, мектепке акча каражатын издөөгө жол ачылаарын айтты.

Евгения Григорьевна Строкова мектептин базасы менен да таанышып чыкты. Айыл тургундары “ Мектеп 2006-жылы жер титирөөдө салынганын, “Ак-Жар” мектеби сыяктуу эле коркунучта экендигин, жакшы каралгандыктан турганын”  айтканда, эл өкүлү                         “Мектептин ички жасалгалары жаккандыгын, бирок сырткы корпусу Кыргызстандын шартына туура эмес салынганын”   кыйытты. Ошону менен бирге мектепти жакшы карап келе жаткан мектеп администрациясына ыраазычылык билдирди.

Эл  өкүлүнө  Кош-Дөбө  айыл аймагынын башчысы Темирболот Абыкеев жана  Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутатары балдар бакчасын курууга жардам берүү  өтүнүчүн айтышты.  Балдар бакчасынын ордун барып көрүп,  курула турган ишканалардын тизмесине киргизүүгө   аракет кылаарын, эгер кирбей кала турган болсо, инвесторлорду табышууга жардам берээрин убада кылды. Евгения Григорьевна Строкова Ак-Жар айылында да болуп, жащы салынган “Ак-Жар”  мектебинин ахыбалы менен таанышып, мектептин директору Жумгалбек Көчөкбаевке мындан ары да кызматташып тураарын  айтты. Андан соң  Шамшы айылындагы курулуп жаткан мектептин иши менен таанышты. Эл өкүлү  райондук “Эмгек Туусу” газетасынын редакциясында да болуп, редакциянын имаратынын кандай жол менен менчикке чыгып кеткенине кызыкты…              100_8399100_8415

100_8434