Аким шайланды

206305_gDSC_005315-мартта Кочкор райондук мамлекеттик  администрациясынын жыйындар залында Кочкор районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйыны өтүп, анда   райондун  акимин  шайлоо маселеси каралды. Олтурумга Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов  катышып  Кочкор районунун акиминин кызмат ордуна   4 талапкер  сунуш алып келгендигин айтуу менен аларды кыскача тааныштырды. Талапкерлер  Акимдин милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов Бейшенбекович, Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы Жакшылык Замирбек уулу, Мурунку райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Нурлан Эшмукамбет уулу,  Семиз-Бел айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Бурканбек Акишовго өздөрүн тааныштыруу сөзү берилгенде  Замирбек уулу Жакшылык менен Нурлан Эшмукамбет уулу өз талапкерлигин алышкандыгын билдиришти.  Шайлоого жергиликтүү кеңештеги 151 депуттатын 140  катышып, 11 эл өкүлү келген жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мурунку акимдин биринчи орун басары болуп эмгектенген Нурлан Керимкулов 83 добуш менен алдыга озуп чыкты. Алэми  экинчи талапкер — Бурканбек Акишовду 57 депутат добуш беришти. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жеңип чыккан Нурлан Керимкуловдун ишине ак жол каалап, Өкмөттүн буйругу чыккандан кийин акимдик милдетин аткарууга киришерин билдирди.