Аялзатка таазим

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында  8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата  “Таазим сага аялзат”  аттуу иш чара өттү. Ага районубуздагы  ардагер айымдар, мекеме ишканаларда иштеген аял жолдоштор катышышты. Иү чараны  акимдин орун басары Элмира Садыкова ачып, Райондун акиминин  милдетин аткаруучу Нурлан Керимкулов , соц коргоо башкармалыгынын жетекчиси Баатырбек Абдымамытов,Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исраилов ,  Ж. Тойгомбаев атындагы №15 окуу жайдын директору Үсөн Карамакеев аялзатарына куттуктоо сөздөрүн айтышты.Аялдарга өнөрпоздор ыр арнашып, көркөм наар тартуулашты. Андан соң  акимчилик менен Кочкор айыл өкмөтүнүн белектери берилди. Жер-жерлердеги аялдар кеңешинин төрайымдарына акимчиликтин Ардак грамоталары тапшырылды.  Эске салсак 1910- жылы Социалистер жана Феминистер Копенгаген шаарында экинчи эл аралык конференциясында Клара Цеткин 8-мартты  аялдардын эл аралык майрамы деп белгилөөнү сунуштап, ага катышкан аялдарды тең  укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган . Бул чакырыкты 17 өлкөдөн келген  аял делегаттар колдошкон. Ал эми Россияда  аялдар күнү  1913-жылдан баштап белгиленсе, Кыргызстанда 1925-жылдан бери белгилеп келе жатат.