Балдар бакчасы үчүн марафон

Кош-Дөбө  айыл аймагына караштуу  Кара-Саз айылына  2007- жылы Щвейцариялык Саламаттыкты сактоо долбоору аркылуу ФАП салынганына байланыштуу, мурдагы ФАПтын имараты бош калып, айылдагы “ Бекбол” жамааты дүкөн катары иштетип келишкен .  Жакында имарат  бала бакча ачуу максатында   мамлекеттин түрткү  берүүчү грантынын эсебинен 2662,6 миң сомго капиталдык оңдоодон  өткөрүлдү. Эми ал жайга  “АТА”  бала бакчасы ачылмакчы.  Анткен менен  айылдагы  бала бакчага эмеректер, жабдуулар жетишсиз болгондуктан  аларды  алуу максатында марафон  уюштурулду.   Бул күнкү өткөрүлгөн  марафондо атайын коюлган урнага алгач айыл  өкмөтүнүн  башчысы Темирболот Абыкеев  айыл өкмөтүн кызматкерлеринин атынан   40 миң сом салса, айыл тургундары мүмкүнчүлүгүнө жараша  200 сомдон 1000 сомго чейин салышты. Марафонго айылдык кеңештин  11 депутатынан  7 депутаты катышып ар кимиси 1000 сомдон жардам көргөзүштү. Алар  айылдык кеңештин төрагасы А. Байташов, Депутаттар  Т. Ибраимов, М. Деркенбаев, А. Султанова, Т. Молдобаев, М. Жунушов,             Р. Акунова ал эми айылдык кеңештин дагы бир депутаты А. Усупбеков балдар бакчасынын тегерегине кум төгүп берүүнү мойнуна алды. Иш чарага  Кара-Күңгөй  айылынан  да келип, өз салымын кошушту.  Алсак Кара-Күңгөй  айылынын тургуну Абдырахманов Мукамбеткалый ( Шады ) 3000 сом салса, аталган айылдын беш депутаты толук келип жардамдарын көргөзүштү.  Бул күнү  марафондо   жалпысы 70,000 сом акчалай түштү. Андан сырткары кой, козу, килем, палас айткандар да болду. Ал эми айылдын шаарда жүргөн жаштары бала бакчага атайын мебелдерин  жазап  берүүнү  убада кылышты. “АТА” атындагы Кара-Саз айылдык бала бакчасынын ачылышы Февраль айына болжолдонууда.