Кара-Тоодогу Бокс залы ачылды

    Тээ илгери СССРдин гүлдөп турган мезгилинде  Кара-Тоо айылындагы №15 кесиптик лицейиндеги  бокс залынан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Махам Ахмедовдун машыктыруусунда көптөгөн бокс чеберлери өсүп чыккан. Алардын арасында Европанын бокс боюнча чемпионатынын жеңүүчүсү  Нурлан Абдыкалыков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Жаныбек Имангазиев, Муктар Байсаков сыяктуу бокстун чеберлерин кошсок болот. Союздун кулашы менен бокс залы кароосуз калып, тонолуп баштаган. Жакында айылдын жаштары,  райондук салык кызматкери Ашырбеков Улан, Семизбел айылдык кеңешинин  депутаты Жеңишбек Алыбаев жеке ишкер Кадыбаев Нурландар  бокс залын оңдоп жаштарга кайтарып берүү боюнча демилге көтөрүшкөн. Бул демилгени колдоого алган Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Нурлан Керимкулов  он миң  сом, айыл тургундары  Канат Алтынов 10000 сом, Кадыбаев Нурлан,Моңкоев Эмил, Төлөмүшов Акыл 5000  сомдон ,Кенжебек Искенов, Акыл Ормуков,  Улан Ташматов 3000 сомдон жана башка демөөрчүлөр 500 сомдон 2000 сомго чейин беришип, баардыгы 65800 сом чогулган. Ошондой эле № 15 Лицейдин кызматкерлери, айыл тургундары иш жүзүндө жардам беришип жогорку чогултулган акчага оңдоо иштерин жүргүзүп бокс залын калыбына келтиришкен. Райондук спорт комитети  тарабынан  Кара-Тоо айылдык « Бокс залына» атайын машыктыруучу бөлүнүп  айлыгы да чечилди.

.Эмне дейли бир кезде Кочкор районунун булгары мээлейчендерин дүйнө жүзүнө  тааныткан « бокс залынан » дагы бокс чеберлери өсүп чыгуусун тилек кылалы.

Майрамбек ДЕРКЕНБАЕВ.