Комиссияга сунушталган долбоорлор

2023-жылдын 30-ноябрына карата Кочкор району боюнча сметалык наркы 70 миллион 625 миң 200 сомдук 12 (он эки) долбоор Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн. Бул долбоорлор бүгүнкү күндө курамы 9 адамдан турган райондук комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Комиссиянын курамын өкмөттүк эмес уюмдардан 5 адам, мамлекеттик органдардан 4 кызматкер түзөт. Долбоорлор негизинен административдик имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү, жылуулук системасын ремонттоо, кичи футболдук аянтча, асфальт төшөө жана тротуар салууга жазылган.