Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт
№ | Жайгашкан жери | Пайдалануу
максаты |
Жалпы
аянты |
Ижара
мөөнөтү |
Баштапкы
ижара акысы (жыл) |
1 |
Кочкор а/а караштуу Кара-Күнгөй жана Кара-Суу айылдарында жайгашкан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер | Чакан ГЭС | 9,55 га | 49 жыл | 108622 сом
|
2 | Чолпон а/а, Корумду өзөнү | Чакан ГЭС | 0,5 га | 49 жыл | 5687 сом |
3 | Чолпон а/а, Эпкин айылы, “Тегирмен” участкасы | Балык чарба уюштуруу | 5 га | 49 жыл | 56870 сом |
Конкурстун шарттары:
Конкурс 2023-жылдын 18-августта саат 15:00дө төмөнкү дарек боюнча өтөт.
Кочкор айылы, Исакеев көчөсү 46, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залы.
Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2023-жылдын 17-августта саат 17:00гө чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл.
— кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (бир жылдык ижара акынын 10 пайызынан кем эмес);
— архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана объектти жайгаштыруунун эскиздик планы;
1) жеке жактар үчүн: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
2) юридикалык жактар үчүн; уюмдун толук аталышынын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат, (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);
— юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
— уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
— салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
— юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
— эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
— эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
— өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);
— ыйгарым укуктуу салык органынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
— Конкурстук сунуштар (конвертке мөөр же болбосо кол коюу менен бекилген абалда) тапшыруусу зарыл.
Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.
Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кочкор айылы, Исакеев к. №46, байланыш телефону 0(3535) 5-03-71
Биздин реквизиттер: Банк Кочкор РОК, э/счет 4405052100000729, БИК 440505, төлөмдүн коду 14511900