ЖАРЫЯ !!! ЖАРЫЯ !!! ЖАРЫЯ !!!

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

 

 

Жайгашкан жери Пайдалануу

максаты

Жалпы

аянты

Ижара

мөөнөтү

Баштапкы

ижара

акысы

(жыл)

1. Ак-Кыя  а/а караштуу Жаны-Жол  айылынын “Кара-Дөбө” участкасынан  “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер Өндүрүш  объектилерин жайгаштыруу 0,15 га 49 жыл 380 сом

 

 

2. Кара-Суу айыл аймагы, «Жар-Таш» участогу Мал сарай 1 га 49 жыл 2845 сом

 

Конкурстун шарттары:

Конкурс 2023-жылдын 16-июнда саат 14:00дө төмөнкү дарек боюнча өтөт.

Кочкор айылы, Исакеев көчөсү 46, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залы.

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2023-жылдын 15-июнь саат 17:00гө чейин төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл.

  • кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция (бир жылдык ижара акынын 10 пайызынан кем эмес);
  • архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана объектти жайгаштыруунун эскиздик планы;
  • жеке жактар үчүн:
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
  • юридикалык жактар үчүн;
  • уюмдун толук аталышынын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат, (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
  • юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө  ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
  • эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
  • эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
  • өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу үчүн каттоодо түп нускасын жеке өзү көрсөтөт);
  • ыйгарым укуктуу салык органынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
  • Конкурстук сунуштар (конвертке мөөр же болбосо кол коюу менен бекилген абалда) тапшыруусу зарыл.

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кочкор айылы, Исакеев к. №46, байланыш телефону 0(3535) 5-03-71

Биздин реквизиттер: Банк Кочкор РОК, э/счет 4405052100000729, БИК 440505, төлөмдүн коду 14511900