2022-жылдын 31-декабрына карата Кочкор району боюнча сметалык наркы 23 миллион 662 миң 600 сомдук 8 (сегиз) долбоор Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн. Бул долбоорлор бүгүнкү күндө курамы 9 адамдан турган райондук комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Комиссиянын курамын өкмөттүк эмес уюмдардан 5 адам, мамлекеттик органдардан 4 кызматкер түзөт. Долбоорлор негизинен административдик имараттарды капиталдык ремонттон өткөрүү, жылуулук системасын ремонттоо, кичи футболдук аянтча, мектепке бассейн жана балдар ойноочу аянтча курууга жазылган.