Арыз даттануу менен кайрылуунун тартиби

Нарын областынын Кочкор районунун прокуратурасы

 

БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ОРГАНДАРГА КАЙРЫЛЫҢЫЗДАР

 

Кочкор районунун прокурору М.Осмоновдун Кыргыз Республикасынын прокуратура органына жарандардын арыз менен кайрылууларынын кароонун тартиби жөнүндө түшүндүрмөсү.

 

Урматтуу Кочкор районунун жана башка аймактын тургундары, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүмүнүн талабына ылайык, Кыргыз Республикасында ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө негизделген жооп берүүгө милдеттүү.

Демек, аталган норманын негизинде жарандар мамлекеттик бийлик органдарына, укук коргоо органдарына кайрылып, кайрылуусу боюнча тийиштүү деңгээлде жооп алууга укуктуу.

Ошондой эле, аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.

Бирок, көпчүлүк жарандар жогорку турган инстанцияларга арыз-даттануулар менен кайрылышып, алар кайрадан төмөнкү органдарга жөнөтүлүп, ортодо убакыт талап кылынып, кайрылууларды кароо мөөнөтү создуктурулуп жактандыгы тууралуу билдиришет.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 7-беренесине ылайык, прокуратура органдарында, алардын ыйгарым укуктарына ылайык, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет.

Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өз укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.

Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жылдын 18-февралындагы 10-П сандуу буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана жарандарды кабыл алуу тартиби жөнүндө” нускаманын талаптарына ылайык, алгачкы кайрылуулар областтык прокуратура тарабынан кароо үчүн төмөн турган прокуратурага жибериле тургандыгы көрсөтүлгөн.

Андыктан, урматтуу Кочкор районунун жана башка аймактын тургундары, прокуратура органына арыз менен кайрылууда эң биринчи кезекте жергиликтүү райондук прокуратурага, алардын кабыл алган чечимдерине макул болбогон учурда Нарын областтык прокуратурасына кайрылыңыздар, эгерде областтык прокуратуранын кабыл алган чечимдерине каршы болсоңуздар, анда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылууга укуктуусуздар.

Ушундай эле тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик бийлик органдарына да тийиштүү маселе боюнча кайрылсаңыздар болот.