АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

КРнын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы төмөндөгү бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна

АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

 

Кочкор райондук  мамлекеттик администрациясынын коргонуу, укуктук тартип иштери боюнча башкы адиси  (юрист) кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-Б) – 1 орун

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,  юридикалык, техникалык, гуманитардык, курулуш, архитектура, айыл чарба жана    педагогикалык, финансы-экономикалык, багыттар боюнча);

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө»  “Нотариат жөнүндө”, “Мамлекеттик алымдар жөнүндө”, “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө”, “Аксакалдар соттору жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий  киргизүү жөнүндө»,  “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө  жобо”,  “Жер  участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу  жобо”, “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо”, “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө” Жобосун жана мыйзамдарын, 2020-жылдын 3-мартындагы №120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Токтомдорун билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана  практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

 

— жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөтү;

— паспорттун көчүрмөсү;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билимин, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— сунуш каттарын (эгер болсо).

 

Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Кочкор РМАнын имаратында (Кочкор айылы, Б.Исакеев, 46) кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн 5-02-56 телефонуна кайрылыңыздар.

Толук маалыматтар www.mkk.gov.kg жана www.kochkor.kg сайтында жайгаштырылат.