Жарыя !!! Жарыя !!! Жарыя !!!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-ноябрындагы №633 токтому менен бекитилген «Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө» типтүү жобонун талаптарына ылайык Кочкор районунун өнүктүрүү фондусунун каражатынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандап алуу  боюнча сынак жарыяланат.

Сынакка катышуу үчүн долбоорлор жободо көрсөтүлгөн тиешелүү арыз жана иш кагаздары менен 10-декабрь 2020-жылы саат 18.00гө чейин Кочкор районунун өнүктүрүү фондусуна тапшыруулары зарыл.

Эскертүү: 10-декабрь 2020-жылы саат 18.00дөн кечиккен кечиккен долбоорлор кабыл алынбайт. Сурап-билүү телефону: 0704663388. Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы, Б.Исакеев көчөсү, 46.