СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик административдик ваканттык кызмат орундарына

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча секторунун жетектөөчү адиси кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А) – 1 орун;

 

Квалификациялык талаптары:

 

кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, курулуш, архитектура, жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар, техникалык, юридикалык, гуманитардык, айыл чарба жана экологиялык, педагогикалык, финансы-экономикалык багыттары боюнча).

иш стажысы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт;

кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама жөнүндө» Токтомдорун билүүсү зарыл.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүүсү зарыл.

 

Кызматчынын кызматтык милдеттери:

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча секторунун жетектөөчү адисине милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
  • жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу жана коргоо;
  • кызматтык этиканын ченемдерин сактоо;
  • Райондук мамлекеттик администрациясында белгиленген ички кызмат тартибинин эрежелерин, кызматтык нускамаларды, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
  • кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын деңгээлин кармап туруу;
  • ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;
  • өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана аларга консультация берүү;
  • отчетторду түзүү;
  • өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык- методикалык материалдарды түзүү;
  • өзүнүн карамагындагылардын өздүк кызыкчылыктарынын пайда болушунун алдын алуу же ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрдөгү мамлекеттик кызматтагы кызыкчылыктардын чыр-чатагын жөнгө салуу боюнча чараларды көрүү;

— жетекчилерге баш ийүүчүлүк тартиби менен жогору турган адамдардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу;

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын, КР Президентинин Указдарын, КР Мыйзамдарын, ченемдик-укуктук актыларын, КР Өкмөтүнүн, КРӨ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарын администрация башчысынын, орун басарларынын, аппарат жетекчисинин, сектор башчысынын тапшырмаларынын аткарылышын камсыздайт.

Мындан тышкары:

Сектор башчы жок болгон учурунда анын кызматтык милдеттерин талаптагыдай жоопкерчилик менен аткарат. Райондук мамлекеттик администрациясынын Регламентинин талаптарын аткарууга жана эмгек тартибин сактоого милдеттүү.

Кадр жана мамлекеттик сыйлык маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана КРӨ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн токтомдорун, буйруктарын аткарууну уюштурат жана аткарылышын контролдойт. Зарыл болгон ар кандай маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелер-ишканалардан, уюмдардан белгиленген тартипте алат.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын саясий кызмат адамдарынын резервин жетекчилердин, аппарат жетекчисинин макулдугу менен түзүп чыгат жана алардын сапаттык курамын аныктайт. Номенклатурага кирген айыл өкмөт башчыларынын, мекеме-ишкана жетекчилеринин өздүк делолорун топтойт. Кызматка дайындоого макулдашылган жетекчи кадрлардын өздүк делосун, сунушун, буйругун даярдайт.

Жетекчилердин берген көрсөтмөсүнө ылайык, белгиленген мөөнөттө документтердин аткарылышын камсыз кылат жана берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарат.

Аппарат жетекчинин жетекчилиги астында райондун айыл аймактарынын айылдык кенештеринин кошмо жыйналышын өткөрүүнү уюштурат, туруктуу комиссиялар менен бирдикте күн тартибиндеги каралуучу маселелердин даярдалышына көзөмөл жүргүзөт жана кабыл алына турган токтомдун долбоорун даярдап жыйынды протоколдойт.

Райондогу көп балалуу энелерди «Баатыр эне» сыйлыктарына көрсөтүүнү, орден, медалдарга көрсөтүү боюнча тийиштүү материалдарды даярдайт жана жогорку органдарга жөнөтүлүшүн, алардын өз убагында тапшырылышын уюштурат.

Кочкор айыл аймагындагы айыл өкмөтү жана райондук мамлекеттик ветеринардык, сугат тармактар жана жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктары, мамлекеттик үрөн инспекциясы, ветеринардык дарт аныктоо борбору, механизация-энергия менен камсыздоо департаменти жана токой чарбасы менен кураторлук катары иш алып барат, алардын ишин координациялайт жана тиешелүү делолорду уюштурат. Өзүнө тиешелүү айыл өкмөт жана мекемелер тарабынан аткарыла турган буйрук, иш кагаздарынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышына жооп берет, жетекчилердин кеңешмелерге, жыйындарга, коллегияларга катышуусун камсыз кылат.

Эки айда бир жолу айыл өкмөт, мекемелерди арыз-даттануулардын, иш кагаздарынын аткарылышы жана аткаруучулук тартибине көзөмөл жүргүзүү иретинде текшерип турат, аныкталган эреже бузууларды четтетүү, аларды аткарбоонун себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча чараларды көрөт жана тиешелүү учурда аппарат жетекчиге сунуш берет.

Райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана башка куратордук кылынуучу мекемелердин чогулуштарына катышууга укуктуу.

 

 

Ачык конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— жеке арызы, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү 3х4;

— паспорттун көчүрмөсү;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);

— сунуш каттарын (эгер болсо);

— ден соолук абалы жөнүндө маалымкаты (форма 086).

 

Талапкерлерден документтер массалык маалымат каражаттарын жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясында Кочкор айылы, Б.Исакеев, 46 дарегинде кабыл алынат. Ал эми, конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыңыздар:  5-02-56

Кошумча кеңири маалымат  www.mkk.gov.kg МКК жана www.kochkor.kg сайттарында жайгаштырылат.