Акын Каныбек Жунушовдун ысмы балдар китепканасына берилди

      Жакында  Кочкор районундагы  балдар китепканасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү,  Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наамдын ээси Каныбек Жунушовдун ысмы ыйгарылды.   Ал үчүн атайы  иш- чара өтүп Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1- орун басары Касен Азисов,  Кочкор райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун […] толук окуу

Кочкордогу мектептерде Нооруз майрамы белгиленди

–   Кочкор районунундагы  Кош-Дөбө айыл аймагындагы   Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде “Нооруз майрам-салттуу майрам” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз  маалымдады.  Иш-чараны  Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 4- А классынын класс жетекчиси Сайкал Шаршеналалиева окуучулар менен бирдикте уюштурган.  Мектеп окуучулары байыртан бери келе жаткан  Нооруз майрамынын кандай белгилене тургандыгын сахналаштырып көрсөтүп беришти. […] толук окуу

Кочкордун башкы архитектору М. Абдыкасымов бир убакта эки уюмдун сыйл ыгын алды ( фото)

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Мисир Абдыкасымовго  бир учурда кош сыйлык  тапшырылды.   Белгилүү болгондой  Мисир Абдыкасымовго  Мамлекетибиздин тил, улуттук маданиятын өнүктүрүп, каада-салт, үрп-адатты жайылтууга кошкон салымы үчүн “Данакер-ЛИНГВО”  маданий-илимий коомдук бирикмесинин  ( президенти Кундуз Исмаилова) төш белгиси ыйгарылды. Ошону менен катар злкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгын белгилөөгө кошкон салымы үчүн  Улуттук маданий борбордун башкы […] толук окуу

Аракеттен алдыда

   Кочкор районуна караштуу  Кара-Күңгөй айылынын Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу  Ырыскүл Данияр кызы “Аракет”   олимпиадасынын Республикалык турунда 2-орунду жеңип  алды. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучулары үчүн  математика, кыргыз тили жана англис тили боюнча Биринчи Республикалык Олимпиадасы өткөрүлүп, анын Республикалык турунда  1-орунду ээлеген окуучуларга ACER ноутбугу  DQ планшети, 3-орунга 5000 […] толук окуу

Сугат тармактарын жакшыртуу , айыл чарба иштерин жакшыртат

    Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында   «Кара-Күңгөй Үкөк суу» СПАсынын ички чарбалык сугат тармактарын калыбына келтирүү  боюнча СПАга тиешелүү орчундуу делген каналдарды, суу сактагычтарды ондоо боюнча атайын топографиялык, геодезиялык анализдөө жумуштары жүргүзүлдү. Кабарчыбыз ал жакта болуп   «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак ашты жакшыртуу» долбоорунун инженер долбоорчусу Абдыгазиев Мурат Каныметович менен маектешкен.   –Мурат Каныметович  «Кара-Күңгөй […] толук окуу

Партиялык ишмер Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты

1974-90-жылдары Кочкор райкомунун 1-катчысы болуп иштеп, райондун айыл чарбасын өнүктүрүүгө эбегейсиз зор эмгек жумшаган Корчубек Акназаров 1-февраль 2019-жылы  97 жаш курагында  дүйнөдөн кайтты.   Партиялык, мамлекеттик ишмер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, КПСС Борбордук Комитетинин мүчөсү  Корчубек Акназаров    1922-жылы Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында туулган.   Корчубек Акназаров 1- Белорус фронтунда согушуп, Варшава шаарына чейин согушуп […] толук окуу

Кочкордо таштанды көйгөйү чечилип жатат

Кочкор-Тазалык муниципалдык ишканасынын директору Биялиева Бегайым Сыдыкжановна менен маек   – Бегайым Сыдыкжановна,   Сиз «Кочкор-Тазалык» муниципиалдык ишканасынанда көп жылдан бери иштеп келесиз, ишкананын аткарган иштериине кыскача токтолсоңуз? – Ырахмат.  Мен 1983-жылы «Кочкор коммуналдык чарба» ишканасында экономист болуп ишке орношуп, кийин башкы бухгалтерь, 2012-жылдан бери ишкананы жетектеп келе жатамын.   Союз мезгилинде районубуздун санитардык абалына «Кочкор коммуналдык […] толук окуу

Комиссияга сунушталган долбоорлор

2018-жылдын 31-декабрына карата Кочкор району боюнча сметалык наркы 19 миллион 292 миң 601 сомдук 7 (жети) долбоор Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгы тарабынан каттоодон өткөн. Бул долбоорлор бүгүнкү күндө курамы 9 адамдан турган райондук комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү. Комиссиянын курамын өкмөттүк эмес уюмдардан 5 адам, мамлекеттик органдардан 4 кызматкер түзөт. Долбоорлор негизинен сейил паркын куруу, […] толук окуу

Президенттин белектери тапшырылды

Жакында Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов  президент Сооронбай Жээнбековдун бөбөктөргө жиберген  жаңы жылдык  белектерин тапшырды.  Ал  окуучуларга өлкө башчысынын атынан ысык салам жолдоп, окууларына ийгилик каалады. Акимдин айтуусу боюнча жаңы жыл алдында район боюнча   12  бала президенттен  ар кандай белектерди сурап кайрылышкан.  Өлкө башчысы тарабынан 12 эки балага китеп кап, таттуулар жана китептер менен бирдей белектер […] толук окуу

Эл менен айыл өкмөттүн ортосунда байланыш чыңдалууда

Кочкор  районундагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө  жергиликтүү эл менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы  байланышты чыңоо  максатында рассылка whatsapp   группасы  ачылды. Бул тууралуу  аймактык кабарчыга айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев маалымдады. Айыл аймагында ЮСАИДдин  “ийгиликтүү аймак”  долбооруна ылайык айыл аймагында  Ватсап группа иштеп, 301 жаран мүчө болгон. Whatsapp    группанын жарандар айыл аймагында болгон жыйындар, маселелер, айыл өкмөтү тарабынан […] толук окуу

Следующая страница →